НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XX I СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                                          

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XX I  СЕССИЯСЫНЫН

                         №  4 ТОКТОМУ

16-апрель   2015-жыл                                                                                                                                                    Нарын шаары

     Нарын шаарынын тургуну Э.Болотбековдун арызын кароо жөнүндө    

Нарын шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 16-июулундагы  XXVI чакырылыштагы XV сесиясынын №7 токтому менен  Нарын шаарындагы “Ден соолукту чыңдоо” борборунун (ФОК) аймагындагы жер аянты “Ала-Тоо-Нарын” спорт клубуна ижарага берүүгө макулдук  берилген. Токтомдо жер аянтын ижарага берүүдө Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын отурумунда каралып,  Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу эки тараптуу келишим түзүү, келишимге тараптардын милдеттерин так көрсөтүү жагы көрсөтүлгөн.

2015-жылдын 17-февралында жогорудагы жер аянтын ижарага берүү боюнча   конкурс болуп Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын отурумунун №1 протоколу менен конкурстун негизинде Нарын шаарынын Дыйкан көчөсүнүн тургуну Э.Болотбековго  “Ден соолукту чыңдоо” борборунун (ФОК) аймагындагы жер аянты ижарага берилген.

“Ден соолукту чыңдоо” борборунун (ФОК) аймагындагы жер аянтына муз аянтчасын курууда,  курулуш иштерин бүтүргөнчө ижара акысынан бошотуу боюнча Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык мэриясы 26.03.2015-жылы №03" чыгыш каты менен Э. Болотбеков 18.02.2015-жылы арыз менен кайрылышууда.

Нарын шаардык мэриясынын сунуш каты жана Э.Болотбековдун арызы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, комиссия өз отурумунда бул маселени жалпы депутаттардын талкуусуна сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.

Жогорудагылардын негизинде сессияга катышкан депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

 

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын           31-беренесине ылайык “Ден соолукту чыңдоо” борборунун (ФОК) аймагындагы жер аянтына муз аянтчасын курууда,  курулуш иштери башталып жаткандыгына  байланыштуу, 2015-жылдын             1- январынан 2017-жылдын 1-январына  чейин  ижара акысынан бошотулсун.

 

    Төрага                                                                                                     Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММДга, Э.Болотбековго

Обсуждение закрыто.