НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXI СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                                                       

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXI  СЕССИЯСЫНЫН№  3 ТОКТОМУ

16-апрель 2015-жыл                                                                                                                                       Нарын шаары

Нарын шаарындагы Б.Жапаралиев паркын убактылуу ижарага берүү жөнүндө       

Нарын шаардык мэриясына Бишкек шаарынын тургуну С.Усеналиев Нарын шаарындагы “Бакыт Жапаралиев” паркына кыргыздын улуттук колоритин сактоо менен этно эс алуу борборун жана балдар ойноочу аянтчаларды салуу үчүн ижарага берүү жагын сурап 07.04.2015-жылы  арыз менен кайрылган.                                                                                                                             С.Усеналиевдин арызы боюнча  Нарын шаардык муниципалдык менчик  департаменти менен такташуулар болуп, шаардык муниципалдык менчик департаменти РТС аймагындагы “Бакыт Жапаралиев” паркы шаардын  муниципалдык менчиги болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин чечими менен ижарага бериле тургандыгы жөнүндө 08.04.2015-жылы кат менен жооп берген.                                                                         2015-жылдын 13-апрелинде Нарын шаардык мэриясы №03/533 сандуу чыгыш каты менен Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында карап бул маселени чечип берүү боюнча кайрылган. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна коюулуп, комиссия өз отурумунда маселени жалпы депутаттардын талкуусуна коюуга, тактап айтканда сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.                        “Бакыт Жапаралиев” паркына кыргыздын улуттук колоритин сактоо менен этно эс алуу борборун жана балдар ойноочу аянтчаларды салуу үчүн ижарага берүү жагын сурап кайрылган С.Усеналиевдин арызы боюнча Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунуш каттарынын негизинде Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

1.                  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Бишкек шаарынын тургуну С.Усеналиевге  Нарын шаарындагы “Бакыт Жапаралиев” паркы  кыргыздын улуттук колоритин сактоо менен этно эс алуу борборун жана балдар ойноочу аянтчаларды салуу үчүн 5(беш)  жылдык мөөнөткө  сессияга катышкан депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен  ижарага берилсин.

2.                  Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев, А.Суранов), Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти (М.Мамбетакунов) тарабынан Бишкек шаарынын тургуну С.Усеналиевге  “Бакыт Жапаралиев” паркын ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык  эки тараптуу келишим түзүү, келишимге курулуш иштеринин мөөнөтүн көргөзүү менен тараптардын милдеттерин так көрсөтүү жагы тапшырылсын.

3.                  С.Усеналиев  тарабынан келишимде көрсөтүлгөн шарттар аткарылбаса жана мөөнөтү сакталбаса ушул токтомдун 1-пункту күчүн жоготот.

4.                  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

         Т=рага                                                                                    Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,  ММДга, С.Усеналиевге

Обсуждение закрыто.