НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                       КЕЗЕКТЕГИ  XIX  СЕССИЯСЫНЫН                

№  5 ТОКТОМУ

4-декабрь 2014-жыл                                                                                                       Нарын шаары      

Нарын шаарынын жаштар тармагын 2015-2020-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

 

Нарын шаарындагы жаштардын келечегине кам көрүү максатында Германия Эл Аралык Кызматташтык уюмунун «Жаштарга жаркын келечек» программасы жана «Жаштарды Өнүктүрүү Институту» менен биргеликте жаштар саясаты боюнча Республика боюнча 5 облус пилоттуу болуп тандалып алынган, мунун ичинен Нарын облусу боюнча  Нарын шаарынын жаштар тармагын 2015-2020-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу үчүн Нарын шаардык мэриясынын Буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, жумушчу топ  стратегиялык планды  иштеп чыгып, Нарын шаардык мэриясы бекитип берүү үчүн Нарын шаардык Кеңешине   кат жолдошкон.

Атайын түзүлгөн  жумушчу топтун курамын  Нарын шаарынын активдүү жаштары, Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери, эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын адистери, жергиликтүү  Кеңештин депутаттарынан өкүлдөр   түзөт.

 Стратегиялык планда ич ара анализдөө жүргүзүлүп, ирээтке келтирүү менен конкреттүү сүрөттөлгөн максаттар, эсептелген кадамдар, зарылчылыгына жараша ирээттелген долбоорлор жана макулдашылган ресурстар камтылган. Стратегиянын  негизги багыты туруктуу өнүгүүгө жана жаштарга шарт түзүү менен катар административдик, өндүрүштүк, илим-билим, маданият, спорт жана кызмат көрсөтүү борбору катары ордун бекемдөөгө багытталат. Стратегиялык план жергиликтүү жаштардын учурдагы көйгөйлөрү атайын өткөрүлгөн  коомдук угууларда жана семинарларда сунушталган ой пикирлердин негизинде иштелип чыккан.  Нарын шаарынын жаштар тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Нарын шаарынын  башкы стратегиялык планынын  бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал үстүбүздөгү жылдын август айынан ноябрь айына чейинки убакытта адистердин жана эксперттердин жардамы менен жаштардын жана шаардык мекемелердин катышуусунда иштелип чыккан. Эксперттер Германия Эл Аралык Кызматташтык уюмунун «Жаштарга жаркын келечек» программасы жана «Жаштарды Өнүктүрүү Институту» коомдук бирикмеси тарабынан камсыздалган. Ал эми жумушчу топ иштелип чыккан жана бекитилген стратегиялык пландын  негизинде иш алып барышмакчы.

 Нарын шаардык мэриясынын Нарын шаарынын жаштар тармагын 2015-2020-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү боюнча сунушун карап жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Нарын шаарынын жаштар тармагын 2015-2020-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планы  депутаттардын талкуусунан кийин бекитилсин.

 

  1. Нарын шаарынын жаштар тармагын 2015-2020-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууда,  жумушчу топ иштелип чыккан жана бекитилген стратегиялык пландын  негизинде иш алып барууну колго алышсын.

 

  1. Нарын шаарынын жаштар тармагын 2015-2020-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууда  Нарын шаардык мэриясы  менен биргеликте иш алып баруу жагы тапшырылсын жана  Нарын шаардык мэриясынын  вице мэри С.Эсенаманова тарабынан көзөмөлдүкө алынсын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                              Э.Турсуналиев каттоо№2014-75

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, туруктуу комиссияга, түзүлгөн жумушчу топко

Обсуждение закрыто.