НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/10 ТОКТОМУ
22-октябрь 2014-жыл Нарын шаары
Апсалиева Айнура Ташболотовнага Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын
ыйгаруу жөнүндө
Апсалиева Айнура Ташболотовна 1987-1988-жылдары Жан-Булак айылдык мектебинде пионер вожатый болуп эмгек жолун баштаган. 1988-1993-ж.ж. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педогогикалык университетинин биология факультетин аяктаган. 1993-1997-ж.ж. Нарын облустук мектеп лицейинде биологияны тереңдетип билим берүүчү класстарда мугалим болуп эмгектенген. 1997-жылдан 2014-жылга чейин С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Табийгый билим берүү” кафедрасында эмгектенип келген. Бүгүнкү күнү Нарын облустук Ү.Асанов атындагы лицей-интернатынын директорук кызматында эмгектенүүдө.
2000-2002-жылга чейин педогогика факультетинин окуу иштери боюнча орун басары, 2011-2014-жылдар Нарын мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин төрайымы.
Апсалиева Айнура Ташболотовна Нарын мамлекеттик университетинде он жети жыл эмгектенип кеген. Ал мезгилдери студенттерге билим берүүдө окуу методикалык ишмердик менен алектенип, окуу процессине керектүү бир катар колдонмолорду, эмгектерди иштеп чыккан. 17 илимий эмгектердин автору. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин мүчөсү. 2010-жылы окумуштуулар кеңешинде илимий изилдөөчүнүн темасын бекиттирип, илимий ишмердүүлүктө жемиштүү эмгектенип келет. Изилдөөчүнүн натыйжалары бир нече эл аралык конференциялардын жыйынтыктарында, илимий теориялык, республикалык журналдарга жарыяланган. Кандидаттык дисертациясын колдоо алдында турат.
2012-жылдын декабрь айынан бери Нарын шаардык Кеңешинин депутаты, шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары.
Ишиндеги ийгиликтери жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин бир катар сыйлыктарына татыктуу болгон жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”, “Билим жана илим профсоюз кыймылынын отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин ээси.
Апсалиева Айнура Ташболотовна билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин эмгек жамаатынын сунуш катынын жана депутаттык туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгектери үчүн Апсалиева Айнура Ташболотовнага Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Апсалиева Айнура Ташболотовнага атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгү ыйгарылсын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, С.Нааматов атындагы НМУга, А.Апсалиевага.