НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН №2/16ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ      КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                         №2/16ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                            Нарын шаары

Кермакунов Жаныбек Токсумаковичке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү

            Кермакунов Жаныбек Токсумакович 1967-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган. 1974-1985-жылы Ат-Башы айлындагы Ленин атындагы №2 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. 1985-жылы Ат-Башы райондук № 20-ДЭУ мекемесинде  слесарлык жумуш аткарган.1986-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1988-жылы май айына чейин Түркестан аскер округунда кызмат өтөгөн. Ушул эле жылы август айында Казакстандын Чымкент шаарындагы СССР ИИМнин милициянын атайын орто мектебине которулуп, аталган окуу жайды 1991-жылы декабрь айында аяктаган.

            1992-1993-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБүндө милициянын участкалык инспектору, 1993-2000-жылдары Ак-Талаа РИИБүнүн кылмыш иликтөө тобунун оперуполномочени,  ага уполномочени, 2000-2005-жылдары Жумгал РИИБүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги, 2005-2009-жылдары Нарын РИИБүнүн начальнигинин орун басары, 2010-жылы Нарын ОИИБнын КИБнүн ага оперуполномочени, 2011-жылдын март айынан тартып Нарын шаарынын ШИИБнүн начальнигинин кызмат боюнча орун басары кызмат ордунда кызмат өтөп келүүдө.

            Милициянын подполковниги Кермакунов Жаныбек Токсумакович ички иштер органдарында көп жыл кынтыксыз эмгектенгендиги, анын ичинде кылмыш иликтөө кызматында 19 жыл үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн КР ИИМнин ведомстволук “Кыргыз милициясына 75-жыл” юбилейлик медалы, 3,2,1-даражадагы “Азамат” медалдары, “Кылмыш иликтөө кызматынын отличниги”  КР ИИМнин КИББнын “Сиңирген эмгеги үчүн”, “Кылмышкер издөөгө 90 жыл” төш белгилери, Чүй ОИИББнын “Сары- Өзөн-Күжүрмөн” медалы, КР ИИМнин “Мыкты кызматкер” төш белгилери,  “ Ардак грамоталары”,  Нарын ОИИБнын, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын  жана Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин “Ардак грамоталары” менен сыйланган.

           

            Кермакунов Жаныбек Токсумакович ички иштер органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Нарын ШИИБнүн начальниги милициянын полковниги М.Турпанбаевдин сунуш катынын  жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Ички иштер органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн  Кермакунов Жаныбек Токсумаковичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2.Жобого ылайык  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                     Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Ж.Кермакуновго, Нарын ШИИБсүнө.

Обсуждение закрыто.