НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 2/15ТОКТОМУ
29-август 2014-жыл Нарын шаары
Боромбаев Абдыга Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Боромбаев Абды 1937-жылы туулган. Эмгек Жолун 1956-жылы Нарын шаарындагы “Жол станциясы” мекемесинде жумушчу болуп эмгектенип баштаган.1963-жылы байланыш тармагында эмгектенип баштап ЛТУ бөлүмүндө кабельщик болуп кирип, калкты жергиликтүү телефон жана радио байланышы менен тейлөөдө УТЭСО ЛКС бөлүмүндө талыкпай 40 жыл иштеп 1996-жылы ардактуу эс алууга кеткен. Жетим өсүп карапайым жумушчу болуп иштеп, эмгеги сиңген инсан.
Боромбаев Абды иштеген мезгилден бери өзүнүн ишин билген жөндөмдүү адис катары көрсөтө алган.Ремонт жана профилактикалык иштерге, авариялык оңдоо иштерине берилген тапшырмаларды өз убагында аткарып, ар бир ишке тактыкты жана жоопкерчиликти көрсөтүп келген.
Нарын шаарынын байланыш тармагына чоң салым кошкон инсан катары байланыш тармагынын көрсөткүчтөрүн алдыңкы орундарга жылдырууга өз салымын кошкон. Жаш монтерлорго өз насаатын айтып алардын ишке болгон умтулуусун арттырып келген ардагер инсан катары кызматташтарынын арасында кадыр баркка ээ болгон.
Байланыш тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн мекеменин “Ардак грамоталарынын” ээси мындан сырткары 1977-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.1995-жылдык радионун 100 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген Байланышчысы” деген жогорку наамга татыктуу болгон.
Байланыш тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Боромбаев Абдыга Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү “Кыргызтелеком” ААК Нарын облустук филиалынын жетекчилигинин сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Байланыш тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Боромбаев Абдыга Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Боромбаев Абдыга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.