НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН №2/14ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ        КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          №2/14ТОКТОМУ

 

                29-август 2014-жыл                                                                                                            Нарын шаары

 

Орозалиев Мамбетжума Орозалиевичке   Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

            Орозалиев Мамбетжума 1938-жылы  Нарын областынын Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин  Кыргыз мамлекеттик универститетинин филалогия факультетин аяктаган.

            Эмгек жолун Ош областынын Сүлүктү  шаарындагы мектепте мугалим болуп эмгектенүү менен баштап, өз ишинин жыйынтыгын негизинде мектептин директорлук кызматына дайындалган.1980-жылы Нарын шаарындагы К.Жакыпов орто мектебинде  директор болуп эмгектенип, мектепти алдыңкы мектептердин катарына кошо алган.1984-жылы Нарын шаарындагы Кыргызстандын 60 жылдыгы мектеби жаңы ачылганда мектеп директорлугуна дайындалып, мектептин  алдыңкы педагогикалык коллективин калыптандырып, мектеп облус боюнча алдыңкы орундарда болгон.

            Орозалиев Мамбетжума жеке эле окуу тарбия ишинде ийгиликтерди жаратпастан мектептин айланасын, шаардын көчөлөрүн, парктарын көрктөндүрүүгө чоң салымын кошкон.

            Орозалиев Мамбетжуманын элге билим берүүдө зор эмгеги бааланып Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” наамынын ээси, Кыргыз Республикасынын алдында “өзгөчө эмгек сиңирген” пенсионер. Мындан сырткары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Презедиумунун “Грамотасы”менен сыйланган. “Манас 1000” эстелик медалынын ээси.

            Орозалиев Мамбетжуманын элге билим берүүдө үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын  берүү жөнүндөгү  Нарын шаарындагы №7 М.сыдыков орто мектебинин эмгек жамаатынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                    

                                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Элге билим берүүдөгү  үзүрлүү эмгектери үчүн Орозалиев Мамбетжумага    Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын  добуш берүүсүнүн жыйнтыгынын негизинде    Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Орозалиев Мамбетжумага  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси  жана күбөлүгү тапшырылсын.

  

   

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев   

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,М. Орозалиевге, №7 М.Сыдыков орто мектебине   

Обсуждение закрыто.