НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 2/10ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ               КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 2/10ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                            Нарын шаары

Ашыралиев Төлөгөн  Аалыбаевичке  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

            Ашыралиев Төлөгөн Аалыбаевич 1942-жылы 15-декабрда  Кочкор районуна караштуу Кара-Мойнок айылында туулган.Эмгек жолун 1959- 1964-жылдары  орто мектепти бүтүргөндөн кийин “Коммунизм” софхозунун №2 фермасында жумушчу болуп иштөө менен баштап, 1964-1969-жылдары Кыргыз мамлекеттик универститетинин филология факультетинин “Кыргыз тили жана адабият” адистигине ээ болгон.1969-1973-жылдары Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайында мугалим болуп эмгектенген. 1973-1982-жылдары Нарын облустук басма сөздө редактор, ушул жылдар аралыгында Нарын шаарындагы №1 кечки мектебинде , 1982-1992-жылдары Нарын шаарындагы С.М. Киров атындагы орто мектептебинде,1992-2004-жылдары шаардагы №9 А.Садыков орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип келген.

            Өзүнүн кесиби менен катар ар кандай коомдук иштерге активдүү катышып Нарын шаарынын партиялык коомунун алдындагы партиялык саясий окуунун пропопогандистик милдетин аткарып мекеме , ишканаларда эмгектенген. Мектепте иштеген мезгилде профсоюуз уюмунун төрагалык милдетин аткарган.  Эл каттоо, ар кандай шайлоолорго активдүү катышып, участкалык шайлоо комиссияларында иштеп келген. Мындан сырткары калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук уюмунда, бүгүнкү  күндө Нарын шаардык Аксакалдар сотунун мүчө болуп, Нарын облустук кесип бирликтер Кеңешинин алдындагы Ардагерлер Кеңешинин катчысы катары  өз милдетин аткарып келүүдө.

             Ашыралиев Төлөгөн өз кесибинин мыкты өздөшүргөн адис катары билим берүү тармагынын , басма сөз кызматынын,  профсоюуз уюмунун бир нече “Грамоталары”, “Ардак Грамоталары” менен сыйланган жана  билим берүүнүн “отличниги” төш белгиси, Ысык-Көл облустук эл депутаттарынын “Эмгек Ардагери” медалы менен сыйланган.

            Ашыралиев Төлөгөн Аалыбаевичтин билим берүү тармагында, басма сөз кызматында көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана коомдук иштерге активдуу катышкан инсан катары Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү сунуш катынын жана туруктуу комиссиянын депутаттарынын  протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Билим берүү тармагындагы, басма сөз кызматындагы көп жылдык   үзүрлүү эмгектери үчүн Ашыралиев Төлөгөн Аалыбаевичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Ашыралиев Төлөгөн Жапаркуловичке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси  жана күбөлүгү тапшырылсын.

   

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев  

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,Т. Ашыралиевге

Обсуждение закрыто.