НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН №2/9ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                    КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          №2/9ТОКТОМУ

 

                29-август 2014-жыл                                                                                                            Нарын шаары

 

Абылгазиев Атабек Абылгазиевичке  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

      Абылгазиев Атабек Абылгазиевич 1979-жылы Ат-Башы районундагы жумушчу-кызматкердин үй-бүлөсундө туулган.1986-1996-жылдары Ат-Башы районундагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектепти ийгиликтуу аяктап 1996-1999-жылдары Бишкек совхоз техникумун окуп бүтүп, андан кийин 2003-2007-жылдары жогорку окуу жайдын инженер-электрик адистигине ээ болгон.Эмгек жолун 1999-2001-жылдары Фрунзедеги мех. лесхоздо жумушчу болуп эигектенген.2002-2007-жылдары Ат-Башы РЭТинде контролер-кассир , диспетчер жана Ат-Башы РЭТинин акиминин орун басары болуп  эмгектенип жүрүп,  2007-жылы Ат-Башы РЭТинен Нарын РЭТине которулуп мекеме-ишканаларды тейлөө инженердик кызматында иштеген. 2008-2009-жылдары Тянь-Шань РЭТинин акиминин орун басары, Ат-Башы РЭТинин акими болуп иштеген.

2009-2012-жылдары  “Чыгышэлектр” ААКнун Нарындагы филиалынын директорунун орун басары,”Чыгышэлектр”ААКунун Каракол РЭТинин акими болуп дайындалган. 2013-жылдан бүгүнкү кунгө чейин “Чыгышэлектр” ААКунун Нарындагы филиалынын директору болуп эмгектенүүдө.

 

            Абылгазиев Атабек Абылгазиевич электр тармактарындагы үзүрлүү эмгектери үчүн  Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын электр тармактарынын кызматкерлеринин профсоюз уюмунун “Ардак грамоталары” менен сыйланган.

 

            Абылгазиев Атабек Абылгазиевич электр тармактарындагы үзүрлүү эмгектери үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү “Чыгышэлектр” ААКнун Нарындагы филалынын эмгек жамаатынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кенешинин сессиясы

                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Нарын облусундагы электр тармактарындагы   үзүрлүү эмгектери үчүн Абылгазиев Атабекке   Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Абылгазиев Атабекке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси  жана күбөлүгү тапшырылсын.

  

   

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, “Чыгышэлектр” ААКнун Нарындагы филалынына, А.Абылгазиевге

Обсуждение закрыто.