НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 2/2ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ            КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

     № 2/2ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                           Нарын шаары

 

Кадыров Амантур Жапаркуловичке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

            Кадыров Амантур Жапаркулович 1961-жылы 3-ноябрда Тянь Шань районундагы Миң -Булак айылында туулган. 1979-жылы Куйбышев атындагы орто мектепти аяктап, ушул эле жылы Куйбышев колхозунда жумушчу болуп эмгектенүү менен эмгек жолун баштап 1980-1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1982-1983-жылдары кайрадан колхоздо эмгектенген.1983-1987-жылдары Нарын облустук статистика башкармасында катардагы адистен айыл чарба бөлүмүнүн башчысына чейин эмгектенип жүрүп 1989-жылы Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Универститетин сырттан окуп бүтүргөн.1987-1991-жылдары Агропромбанкта ага экономист,Нарын шаардык №4507  сактык кассасынын башкаруучунун орун басары 1991-1993-жылдары Кыргызөнаржайкурулуш банкында башкы адис, 1993-1998-жылдары ушул эле банктын Мин –Куш бөлүмчөсүндө, 1998-2002-жылдары Таш Көмүр бөлүмчөсүндө, 2002-2003-жылдары Өзгөн бөлүмчөсүндө, 2003-2007-жылдары Ат-Башы бөлүмчөсүндө башкаруучу, болуп иштеп келген. 2007-2008-жылдары Кыргызөнаржайкурулуш банкынын Чүй облустук башкармасында начальниктин орун басары , 2008-жылдары ушул эле банктын Нарын облустук башкармалыгында начальник, 2008-2009-жылдары Нарын облустук аймактык “Нарын АУБ” директору, 2010-2011-жылдары “Ат Башы АУБ” директору, 2011-2012-жылдары “Ат Башы- ЗалкарБанк” директору, 2012-2013-жылдары “Нарын залкар Банк” аймактык директору,2013-жылдын август айынан бүгүнкү күнгө чейин “Росинбанк- Нарын” аймактык директору болуп эмгектенүүдө.

 

            Кадыров Амантур Жапаркулович үзүрлүү эмгеги үчүн Мамлекеттик статистика комитетинин (СССР) “Ардак грамотасы”, Кыргызөнөржайкурулуш банкынынын “отличниги” төш белгиси, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”, Таш- Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн “Ардак Грамотасы” менен сыйланган.

            Кадыров Амантур Жапаркуловичтин банк тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын  ыйгаруу жөнүндөгү “Росинбанк- Нарын” банкынын  эмгек жамаатынын сунуш катынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                   

       ТОКТОМ    КЫЛАТ

 

1.      Банк тармагындагы   үзүрлүү эмгектери үчүн Кадыров Амантур Жапаркуловичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Кадыров Амантур Жапаркуловичке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

   

                   Төрага                                                                                Э.Турсуналиев 

 

_____________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга , А.Кадыровго, “Росинбанк- Нарын” банкына

Обсуждение закрыто.