НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ        КЕЗЕКТЕГИ             XV  СЕССИЯСЫНЫН

№  2 ТОКТОМУ

16-июль  2014-жыл                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын жүргүзүп  жаткан иштери жөнүндө

            Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын иш чаралары жана аскердик мобилизациялык даярдыктары Кыргыз Республикасынын Коргоо министирлигинин 2013-2014-жылдарга коюлган иш планынын негизинде уюштурулат.

Шаардык аскер комиссариаты тарабынан аскерге чейинки чакыруучулар менен аскердик-патриоттук иштерди алып баруу, жаштар араасында аскердик-патриоттуулук тарбияны жакшыртуу максатында,  15-февраль Афган жоокелеринин кунунө, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө жана 29-май  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнүнө карата ар кандай иш чаралар өткөрүлүп, мындан сырткары Чернобль, Баткен коогалаңынын катышуучулары менен биргеликте мектеп окуучулары менен ар кандай темадагы тегерек столдор өткөрүлүп келген.

             Шаардык аскер комиссариаты тарабынан жаш муундарды патриоттуулука, мекенди сүйүүгө, мекенди коргоого карата үндөп,  мектеп окуучулар арасында ар кандай конкурстар өткөрүлүп,   аскердик окуу жайларга тапшыруунун жол жоболору кеңири маалымдалып, каалоочулардын өздүк делолору аскер комиссариаты тарабынан даярдалып тиешелүү окуу жайларга жөнөтүлүп келет.

       2013-2014-жылдарга карата мобилизациялык-күжүрмөн даярдык боюнча  аскер комиссариаты тарабынан өздүк курамдын мобилизациялык даярдыгын өркундөтүү, мобилизациялык ресурстун санын жана сапатын тактоо, мобилизация учурунда аскерге милдеттүүлөрдү жана унаа каражаттарын ар дайым тактоо, текшерүү, ай сайын мобилизациялык иш кагаздарды тактап иштеп чыгуу, “Аймактык коргонууну уюштуруу” боюнча  Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын офицерлери тарабынан атайын көрсөтмө  сабактар өткөрүлгөн.

            Жарандарды аскерге чакыруу, алгачкы аскердик каттоого коюу иштери Кыргыз Республикасынын Коргоо Министирлигинин 2009-жылдын 29-декабрындагы №474 буйругунун талаптарына ылайык жүргузулөт. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу жылына январь, февраль, март айларында өткөрүлөт. Алгачкы аскерге каттоого жаш курагы 16 жашка чыккан шаардын жана райондун аймагында такай же убактылуу жашап жаткан жарандар коюлат.2013-жылы 1996-1997 –жылы туулган жарандардан 1483 адам, 2014-жылы 1998-жылы туулган жарандардан 833 адам каттоого алынган. Ал эми жарандарды аскердик жана альтернативалык кызматтарга чакыруу “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик жана альтернативдик кызматтар жонундө” Мыйзамына ылайык  жылына эки жолу жургүзулөт. Жазгы аскерге чакыруу –апрель, май,июнь айларында, күзгү аскерге чакыруу октябрь,ноябрь,декабрь айларында.

            Аскерге чакыруучуларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү  Кыргыз Республикасынын Коргоо Министирлигинин №474 буйругунун негизинде медициналык кызматкерлер менен биргеликте жүргузүлөт.

2013-жылы мөөнөттүү аскер кызматына чакыруу маалында алдын-ала изилдөөлөр жана тандоолордун негизинде анык аскер кызматына жазында 40 адам, күзүндө 60 адам, альтернативалык кызматка жазында 142 адам, күзүндө 200 адам чакырылган.

Нарын шаары жана Нарын району боюнча каттоодо турган  аскерге чакырылуучулардын 50 пайызы Нарын облусунан башка жактарда, анын ичинен 30 пайызы  Республикадан тышкары жактарда иштеп жүргөндүгүнө байланыштуу аскерге чакыруу мезгилинде тоскоолдуктар болот.

 Шаардык аскер комиссариаты  тарабынан запастагы офицерлерди жана солдат, сержанттарды каттоо иши уюштурулуп, натыйжасында аскердик каттоодо Улуу Ата Мекендик  Согуштун катышуучулары 12 адам, Афган Согушунун катышуучулары 70 адам, чернобль апаатынын катышуучулары 27 адам. Мындан сырткары атайын бекитилген иш пландын негизинде Нарын шаарында жайгашкан баардык мекеме, ишканалардагы аскердик каттоону уюштуруу жана алып баруу иш чаралары жүргузулуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчторүнун катарына контрактык негизде аскердик кызматка 44 адам чакырылган.

Аскер комиссариатында альтернативалык кызмат өтөгөн жарандардын кызмат өтөөсүн уюштурууда альтернативалык кызмат үчүн төлөнүүчү акча каражаттарынын шарттары түшүндүрүлүп, өз убагында эсептешүүлөр жүргүзүлөт.Альтернативалык кызмат өтөөчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттын 80 пайызы Кыргыз Республикасынын Коргоо министирлигине, 20 пайызы Кыргыз Республикасынын чек ара кызматына которулат. 2014-жылдын 1-июлуна карата жалпы кредитордук карызы 33234 сомду түзөт.Шаардык аскер комиссариатынын балансасында 1 даана УАЗ-315195 улгусундөгү автоунаасы бар.

Шаардык  Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы  аскер комиссариатынын аткарып жаткан ишин жеринде көрүп  таанышкан мезгилде кабинеттердин тартыштыгына байланыштуу азыркы РЭО ГАИ ижарада турган имарат райондук социалдык фонд башкармалыгына тиешелүү болуп жаткандыгын,  мурун бул имарат аскер комисариатына тийиштүү болгондугуна байланыштуу,  кайра кайтарып алуу маселеси менен кайрылышкан.

Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык  шаардык  Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясынын   Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын жүргүзүп  жаткан иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын жүргүзүп  жаткан иштери боюнча шаардык Кенештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы Б.Балбаевдин билдирүусү эске алынсын.

2.      Нарын шаардык мэриясы тарабынан жазгы , күзгү аскерге чакыруу мезгилдеринде шаардык аскер комиссариатына жергиликтүү бюджеттен которулуп берилүүчү акча каражатын өз убагында которуп берүү колго алынсын.

3.      Жарандарды аскерге чакыруу, алгачкы аскердик каттоого коюу, аскерге чакыруучуларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү,   аскер комиссариатында альтернативалык кызмат өтөгөн жарандардын кызмат өтөөсүн уюштурууда, альтернативалык кызмат үчүн төлөнүүчү акча каражаттарынын шарттарын түшүндүрүү, өз убагында эсептешүүлөрдү жүргүзүү, аскер комиссариатынын ишин жакшыртууну колго алуу  Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын аскер комиссары Н.Жээнбековго тапшырылсын.

4.      Нарын шаардык бириккен аскер комиссариаты  (Н.Жээнбеков) тарабынан жарандарды аскерге чакыруу, алгачкы аскердик каттоого коюу, аскерге чакыруучуларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү,   аскер комиссариатында альтернативалык кызмат өтөгөн жарандардын кызмат өтөөсүн уюштурууда коррупцияга каршы иш жүргүзүү колго алынсын.

5.       Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын кызматкерлеринин иштөөсүнө шарт түзүү максатында азыркы РЭО ГАИ турган райондук социалдык фонддун имаратын алууга карата Кыргыз Республикасынын коргоо министирлиги менен бирдикте аракеттерди көрүү Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын комиссары Н.Жээнбековго милдеттендирилсин.

6.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

   

                   Төрага                                                                   Э.Турсуналиев  каттоо№2014-19

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,  Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатына, юстиция башкармалыгына

Обсуждение закрыто.