НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН  ХХVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

                                  КЕЗЕКСИЗ  XIII СЕССИЯСЫНЫН

                                                         №1 ТОКТОМУ

   7-май 2014-жыл                                                                                         Нарын шаары

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясына шайлоочулардын атынан талапкерлердин тиешелүү документтерди кабыл алуу Нарын шаардык Кеңеши тарабынан жүргүзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 12-апрелден 30-апрель саат 18-00го  чейин кабыл алынган. Жалпысынан 162 талапкер документ тапшырган.

            Талапкерлер тарабынан тапшырылган арыздарда көрсөтүлгөндөй, өз ара  участокторго бөлүштүрүлүп, тизмелери  такталды.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо               комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясына бөлүштүрүлгөн тизмеси бекитилсин.

 

   Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына Нарын шаардык Кеңеши тарабынан                 бекитилген тизме Нарын шаардык аймактык шайлоо космиссиясына жиберилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                    Э.Турсуналиев

 

                Жөнөтүлсүн: иш кагазга, АШКга

Обсуждение закрыто.