НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ        КЕЗЕКТЕГИ     XI   СЕССИЯСЫНЫН

№ 2 ТОКТОМУ

28-февраль 2014-жыл                                                                                        Нарын    шаары      

 Нарын шаардык Кеңешинин  Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » жана  «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндөгү  Мыйзамдарына толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу,   Нарын шаардык Кеңешинин уюштуруу документтерин жана токтомдорун Мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында  Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы

                                                                                                 ТОКТОМ       КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын    «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндөгү  Мыйзамдарына   өзгөртүү, толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин төмөндөгү главаларына өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин.

·         Регламенттин 4-главасына  4.4 жана 4.5 пункттары, 6-главасына  6-7-8-9-10 -11-пункттары  кошумча киргизилсин.

·         7-главасындагы 7.2 пунктунун 7-пунктчасындагы  сөздөр  толугу менен алынып салынып ,  «катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз шаардык  Кеңештин сессияларына катышпаганда» деген сөздөр   менен алмаштырылсын жана ушул эле пункт  10-пунктчасы менен  толукталсын.

·         29-главасынын 29.1 пункту “Шаардык Кеңештин  төрагасынын 2 орун басары болот” деген сүйлөм менен толукталсын

·         51-главадагы 51.4 пунктундагы “бир айлык мөөнөттө” деген сөздөр  алынып салынып,  “14 күндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2.         2.   Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти киргизилген өзгөртүү, толуктоолору менен бекитилсин.

  1. Нарын шаардык Кеңеши  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык  мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

            Ушул токтомдо көрсөтүлгөн, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырлган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана Мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик  (же жергиликтүү өз алдынча башкаруу) органдары менен  макулдашылгандыгы ырасталат.

          Төрага                                                             Э.Турсуналиев

___________________________________________________________________________       

Жөнөтүлсүн:   иш кагазга, юстиция башкармалыгына, туруктуу комиссияларга

Обсуждение закрыто.