НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫР КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 1ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ             IX СЕССИЯСЫНЫН

1ТОКТОМУ  

      29-октябрь 2013-жыл                                                                                            Нарын шаары

2013-жылдын 9 айына карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө

 

Нарын шаарынын  жергиликтүү бюджетинин 9 айлык  план тапшырмасы шаардык салык башкармалыгынын маалыматы боюнча салык кирешелеринин жалпы планы 42298,0 миң сом болсо, 42328,9 миң сомго же 100,2 пайызга аткарылган. Жалпы план аткарылганы менен салык кирешесинин 1 түрүнөн план  аткарылган эмес.Алсак киреше салыгы 1130,9 миң сомго же 94,5 пайызга кем аткарылган.  Бирок салык кирешеси 2012-жылдын 9 айына салыштырмалуу 3007,5 миң сомго же 118,3 пайызга  өскөн. Ал эми шаардык финансы бөлүмүнүн маалыматы боюнча салык эмес кирешелерден алынуучу салыктын 3 түрүнөн план аткарылган эмес.Алсак,  конфискация жана   айып салыгы 83,4 миң сомго, атайын каражат 2308,8 миң сомго, аренда акысы 144,8 миң сомго  кем аткарылган. Тактап айтканда салык жана салык эмес кирешелердин 4 түрүнөн план аткарылган эмес.

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын финансы министирлиги менен Нарын шаардык  мэриясынын макулдашуусунун негизинде  жергиликтүү бюджетттен каржыланган шаардык мекеме-ишканаларынын электр энергиясына болгон карызын жабуу үчүн Республикалык бюджеттен 460,0 миң сом акча каражаты кошумча бөлүнүп берилген.

2013-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча шаардык финансы бөлүмүнүн маалыматы угулуп, 8-октябрь 2013-жылы шаардык Кеңештин алдындагы  “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отуруму болуп, отурумдун протоколу түзүлгөн.

Нарын шаардык Кенешинин  “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун жана шаардык финансы бөлүмүнүн, шаардык салык башкармалыгынын берген маалыматтарын угуп, талкуулап  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      2013-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча шаардык финансы бөлүмүнүн, салык башкармалыгынын берген маалыматтары эске алынсын.

2.      2013-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша  бөлүгү №1, №2  тиркемелерге ылайык бекитилсин.

3.      Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн  аткарылышында,  жыл башында бекитилген план тапшырмалардын өзгөртүлүшүнө  жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын финансы министирлиги менен бирдикте иш алып баруу жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

4.      Нарын троллейбус ДЭПО мекемесинин карыздарын жабууга экономикалык чыгымдардан 171,0 миң сом, жергиликтүү бюджетинин 9 айында ашыкча түшкөн  акча каражатынан 200,0 миң сом, ал эми  жергиликтүү бюджеттеги  мекеме ишканалардын IV кварталынын сметасына ылайык электр энергиясына каралган акча каражатынан Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсунун электр энергиясына болгон карызын жабууга 260,0 миң сом жылдыруу жолу менен дотация катары бөлүнүп берилсин.

5.      Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздук кызматынын (МАИ)  1(бир) штаттык бирдигине эмгек акы үчүн каралган каражаттын калдыгынан 150,0 миң сом акча каражаты ички иштер бөлүмүнө 3 коомдук алдын алуу борборун (КААБ) ремонттоого, көрүү жана жазып туруучу видеокамераларды алууга, автоунаалардын күйүүчү жана майлоочу майларын жана алардын запастык бөлүктөрүн алууга бөлүнүп берилсин.

6.      Кыргыз Республикасынын “Медицина кызматкерлеринин статусу жөнүндөгү” 28-май 2013-жылдагы N81 Мыйзамынын 2-главасынын 10-беренесинин 8-пункутуна ылайык Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын 2 үй бүлөөлүк медицина кызматкерлеринин  4 айлык  турак жай үчүн төлөнүүчү ижара акысына 16,0 миң сом  жергиликтүү бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттын эсебинен төлөнүп берилсин.

7.      Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн башка категорияларга кирбеген экономикалык чыгымдарына 700,0 миң сом кошумча план бекитилсин.

8.      Жергиликтүү жамаатар күнүнүн 10 жылдык юбилейине карата Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндө”  Мыйзамынын 17-статьясынын ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шардык Кеңешинин кызматкерлерин сыйлоого жергиликтүү бюджеттин 9 айында ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 104,0 миң сом бөлүнүп берилсин.

9.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жергиликтүү бюджеттин салык, салык  эмес жыйымдардын жылдык план тапшырмаларын ашыгы менен аткарууга карата жеткиликтүү чараларды көрүү жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов), Нарын шаардык салык инспекциясына (К.Насиридинов) милдеттендирилсин.

              Төрага                                                                                Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн  : иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, финансы бөлүмүнө, салык башкармалыгына, НОБОго

Обсуждение закрыто.