НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                     НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                                  

                             XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXVI  СЕССИЯСЫНЫН

                                                                №  2  ТОКТОМУ

28-октябрь  2015-жыл                                                                                                                  Нарын шаары

2015-2016-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө Нарын  шаардык мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө

      Нарын шаарында 2015-2016-жылдын күз кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.05.2015-жылдагы №319 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу максатында Нарын шаардык мэриясынын 19.06.2015-жылдагы №151-б буйругу менен шаардык штаб түзүлгөн. 2015-2016-жылдардын күз –кыш мезгилине Нарын шаарынын калкына баардыгы 10095 тонна көмүр отуну керектелет. Мунун ичинен билим берүүгө 80 тонна, саламаттык сактоого 10 тонна, жылуулук берүү ишканасына 7500 тонна жана  элге 2500 тонна. Бүгүнкү күндө шаардын бюджеттик мекемелерине көмүр отунун тартууга келишимдер түзүлүп, көмүр тартуу иштери жүргүзүлүп жатат.                                                                                                                                                                                               Нарын шаарынын элин күз кыш айлары үчүн көмүр отуну менен камсыз кылуу жана көмүр кампаларын түзүү боюнча “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына жана “Кенч-Строй” ЖЧК ишканасы аркылуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 2015-жылдын 20-октябрына карата 7057,0 тонна көмүр отуну тартылып, план 70,0  пайызга аткарылган.Мунун ичинен саламаттык сактоого 15 тонна 100 пайызга, искусство мектебине 27 тонна тартылып 34 пайызга, ал эми  Нарын райондор арылык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси ишканага керектелүүчү көмүр отунун тартууга тендер өткөрүп, тендердин жеңүүчүсү болгон “Кенч-Строй” ЖЧК ишканасы менен келишим түзүп, көмүр отунуна болгон 1200 сомду түзгөн, бул баа ишкана тарабынан көмүр ишканасынын карьеринен  өзү тартып алуу шарты менен сүйлөшүлүп, бүгүнкү күндө ишкана 6129,0 тонна көмүр тартып план 80,0 пайыздан жогору аткарылган.                             Жеке ишкерлер тарабынан өзүлөрүнө тиешелүү автоунаалары менен көмүр отунун тартып келишип бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы 3300 сомдон 3500 сомго чейин сатылууда.Учурда шаар боюнча 3 көмүр кампасы уюштурулуп, жеке ишкерлер тарабынан 1030 тонна же 41,2 пайызга жакын көмүр отуну менен шаар эли камсыз болгон.Бүгүнкү күндө 125 тонна көмүр отуну кампада бар.                                                                                                                                                     Быйылкы жылга карата бюджеттик мекемелерден көмүрдү сатып, тартып алууга талап кылынуучу акча каражаты жергиликтүү жана республикалык бюджеттен толугу менен чечилип берилген. Шаардагы аз камсыз боглгон 546 үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1000 сомдон акча каражаты почта түйүндөрү аркылуу берилүүдө.                   Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинде  баардыгы 22 откана бар. Алардын ичинен 20 откана электр энергиясы, 2 откана көмүр менен иштейт. Баардыгы 82 көп кабаттуу үйдү, 31 менчик үйлөрдү, республикалык бюджеттеги 19 ишкананы, 17 жергиликтүү бюджеттеги ишкананы, 4 башка керектөөчүлөрдү жана 1565  абоненнти жылуулук менен камсыз кылат.                                                                               Ишкана тарабынан 2015-2016-жылдагы  жылуулук сезонуна карата Ленин №73,75,148 көп кабаттүү үйлөрүнүн жашоочуларынан  87 абонент, №2025 аскер бөлүгүнө караштуу Ленин көчөсүндөгү  Ленин №32, 48,50 үйлордүн жашоочуларынан 183 абонент, жалпысы 270 абонент жылуулукка кошулган.Мындан сырткары 7 мекеме көмүр менен жылытуу жолу менен  жылуулук берүү ишканасына өткөрүлүп берилген.                                                                                  2015-2016-жылдардын кыш мезгили үчүн “Московский”, “ЦРК”, “Ипподром” отканларында жылуулук системалары  ремонттолуп, стояктары жаңыртылып, жылуулук системаларын тартуу жумуштары аткарылып, мындан сырткары от жагуу сезонунуна карата 17 откана ремонттон өткөрүлүп, жылуулук системалардын ремонттоо иштерине 840,0 миң сом, ал эми отканлардын ремонтуна 1млн. 200 миң сом жумшалган. Бүгүнкү күндө Түштүк кореядан үнөмдүү иштеген 4 суу ысытуучу жаңы отказандар алынып келинип, аларды монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.           Ишкананын дебитордук карызы 37 млн.784,1 миң сом. Мунун ичинен республикалык бюджеттеги мекемелер 3 млн 834,3 миң сом, жергиликтүү бюджеттеги мекемелер 22 млн. 534,5 миң сом,  элдики 10 млн. 175,8 миң сом,  башка керектөөчүлөр  1млн. 239,5 миң сомду түзсө, кредитордук карызы 66 млн 095,1 миң сом болсо, анын үстөгү (пениясы)- 32 млн.295,2 миң сомду түзөт.

       Нарын РЭТи Нарын шаарында 10500 жеке кардарды жана 1055 мекеме-ишкананы, жалпысынан 11 555 кардарды электр энергиясы менен камсыздайт.  Нарын шаарында 2015-жылы пайдаланылган электр энергия 98 945,3 мин  кВт саат электр энергиясы пайдаланылса, 2014-жылы 108688,6 мин кВт саат пайдаланылып, натыйжада 2014-жылга салыштырмалуу 9743,3 мин кВт саат аз пайдаланылган. Кабыл алынган электр энергиянын ичинен жалпы коромдор 15980,3 мин кВт саат же 16,2 пайызды түзөт.                                                                                                        Нарын шаары боюнча жалпы 294 ТП бар, мунун ичинен Нарын ЭТРне балансасында 183 ТП турат, ал эми калган 111 ТП кардарлардын балансасында турат. 2015-жылы ЭТР тарабынан накталап оңдоого 1420,0 миң сомго план берилсе, аткарылган иш 2076,78 миң сомго жазалган же 146,3 пайызга аткарылган. Ал эми учурдагы оңдоого 1010,0 миң сомго пландаштырылса, аткарылган иш 1200,8 миң сомго жазалып 118,9 пайызга аткарылган.                                                     Нарын шаарында 10500 кардар болсо, мунун ичинен 7123 кардардын электр эсептегичи сыртка чыгарылган. 2015-жылдын 9 айында жалпы 525 электр эсептегичи сыртка чыгарылган.Электр энергиясын кардарлар тарабынан уурдалышын азайтуу жана төлөмдөрдү жогорулатуу максатында рейддик иштер уюштурулуп, 356 рейддик иште 126 кардарга акт протоколу тузүлүп, эсепке кирбей калган 2634,4 миң сом кайрадан алынып, карызы бар 2754 кардардын электр энергиясы өчүрүлгөн.                                                                                                                                                                      Бийик тоолу, алыскы, каттаал климаттагы райондордо жашаган жарандарга толөнүучү компенсациясы 2015-жыл үчүн жеңилдик алуучу кардардын саны 10500 дү түзөт, бул кардарлардын бир жылдык алынуучу жеңлдиги 8 276 100 миң сом, бугунку күндө бул каражаттын  5 696 400 миң сому кардарларга берилип, ар бир кардардын өздүк бетине 542 сомдон түшурулүп берилген. Ал эми калган каражат усүбүздөгү жылдын 4-кварталында берилээри күтүлүүдө.            Жалпы дебитордук карыз 73988,1 миң сом, элдики 11181,7 миң сом, мекеме ишканалардыкы 62806,4 миң сом болсо, мунун ичинен республикалык бюджет 1126,1 миң сом, жергиликтүү бюджет 170,9 миң сом, комерциялык структуралар 3433,8, башка структуралар 58075,6 миң сомду түзөт.                                                                                                      Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык 2015-2016-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө Нарын  шаардык мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык 2015-2016-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө Нарын шаардык мэриясынын , Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин, Нарын РЭТинин  жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө билдирүүлөрү эске алынсын.
  2. Нарын шаардык мэриясы тарабынан (Р.Адиев) жылуулук берүү ишканасына (У.Айтиев) жалпы окуу жайларга, бала-бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, эл жашаган көп кабаттуу үйлөргө нормага ылайык, үзгүлтүксүз жылуулук менен  камсыз кылуусуна,  көп кабаттуу үйлөрдү  жылуулоого жана электр тармактар ишканасына   ( Т.Алымбаев)  электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо,  Нарын шаарынын  кыш мезгилиндеги оор климаттык шартын эске алуу менен электр жарыктарын өчүрбөөгө  жана дебитордук карыздарды өндүрүүгө карата тапшырмалар берилсин жана  тиешелүү чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
  3. Нарын шаарынын чөлкөмдөрүндө көмүр кампаларын ачып, элге сапаттуу көмүр сатып алуу боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүп көмүр отунуна болгон  бааны жогорулатпоо боюнча алгылыктуу иштерди алып баруу  Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев) милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

                                 Төрага                                                                  Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, жылуулук берүү ишканасына, электр тармактар ишканасына   

Добавить комментарий