НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX VI I СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX VI I  СЕССИЯСЫНЫН

   №  7  ТОКТОМУ

10-декабрь   2015-жыл                                                                                                                                   Нарын шаары

Нарын   шаарынын  аймагында  мал  кармап  багуунун  “Жобосун”  бекитүү  жөнүндө

Нарын шаардык мэриясы “Нарын шаарында канаттууларды жана малдарды кармоонун” эрежесин  (Жобосун) долбоорун  бекитип берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине  сунуш кат менен кайрылган.  Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан Нарын шаарында   мал көп баккан Чыгыш,  Москва,  Батыш аймактарында 2015-жылдын август айларында эл менен коомдук угуулар өткөрүлүп, талкуулар жүргүзүлгөн.

“Нарын шаарында канаттууларды жана малдарды кармоонун” эрежесин  (Жобосун) бекитип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Нарын шаарынын аймагында мал кармап багуунун “Жобосу” бекитилсин.
  2. Нарын шаарында мал кармап багуунун “Жобосун” Нарын облустук телеберүүсүнө жана  “Теңир –Тоо” коомдук саясий гезитине жарыялоо шаардык мэрияга, шаардык жашылдандыруу мекемесине тапшырылсын.

                    Төрага                                                              Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн:  иш кагазга, шаардык мэрияга, жашылдандыруу мекемесине

 

 

Добавить комментарий