Нарын шаардык Кеңешинин 10-декабрь 2015-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезектеги XXVII сессиясынын №7- токтомуна тиркеме

                                                                                                                             Нарын   шаардык    Кеңешинин                                                                                                                                        10-декабрь 2015-жылдагы                                                                                                                                                   XXVI чакырылыштагы кезектеги                                                                                                                                    XXVII       сессиясынын  №7-                                                                                                                                                 токтомуна  тиркеме

Нарын шаарынын аймагында мал кармап багуунун

Ж О Б О С У

Мал кармап багуунун тартиби, шарттары: 

        Шаардын аймагында мал кармап багуучулардын укугу:

—   Шаар тургундары менчик мал (түрүнɵ карабай) кармап, багууга;

—  Баккан малын базарларда тирүүлɵй же эт түрүндɵ макулдашылган    баада сатууга;

— Турмуш-тиричилигине байланыштуу шаардын аймагынан алып   чыгууга, алмаштырууга жана бирɵɵлɵргɵ тартуу кылууга;

— Мамлекеттик ветеринардык кызматтан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында        белгиленген шарттарда пайдаланууга.

Шаардын аймагында мал кармап багуучулардын милдеттери:

 Кармап баккан малдарын (түрүнɵ карабай) тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардан (кварталдык комитет, стат, ветеринар ж.б.) каттоодон ɵткɵрүп турууга;

—  Мал багуунун санитардык — гигиеналык шарттарын туура сактоого;

—  Малды жайкысын жайлоого чыгарууга же шаардын сыртына кайтарып багууга;

—  Жыл бою шаарда баккандар малды короого кармап багууга;

—  Малдын кыгын жана чɵп-жеминин калдыктарын чыгарып шаар ичин булгабоого жана мал ээлери калдыктарды, таштандыларды чыгаруу үчүн Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы менен келишим түзүп, келишимдин негизинде «Карга-Жайлоо» таштанды тɵгүүчү жайга тɵгүүгɵ:

— Турмуш тиричилик таштандылары чогултулган жана тɵгүлгɵн жайларга малды киргизип жибербɵɵгɵ;

— Кɵчɵлɵрдүн жээктеринде, тротуарларда, парктарда, скверлерде, газондордо жана башка шаардыктар жана шаардын коноктору эс ала турган жайларда малды жайбоого;

— Суу колонкаларында, фонтандарда жана башка коомдук жайларда малды сугарбоого;

—  Шаар ичине малды кароосуз айдап жибербɵɵгɵ;

— Ветеринардык-санитардык кызматтардын справкалары жок малды кармабоого, сатпоого, алып келбɵɵгɵ жана шаардан чыгарып кетпɵɵгɵ;

—  Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жɵнүндɵ» Мыйзамынын 23, 26, 27, 35-беренелерине ылайык мал ээлери мал күтүүдɵ аларга тиешелүү шарттарды түзүүгɵ, тоюттандырууга жана асыроого;

—  Сатылып алынып келинген, же тартууга ыйгарылган малдарды дароо кварталдык комитетке жана ветеринардык органдарга кабарлоого жана малдарды тоюттандырууга, ден соолугу жана башка кɵрүнүштɵр тууралуу маалымдап турууга;

— Малды маал-маалы менен тиешелүү эмдɵɵлɵрдɵн милдеттүү түрдɵ ɵткɵрүп турууга жана ооругандарын ɵз убагында дарылатууга.

 

 Шаарда мал кармап багуунун шарттарын бузгандар үчүн кɵрүлүүчү чаралар:

— Шаардын аймагында мал кармап багуунун шарттарын бузган, малды шаар ичине кароосуз айдап жиберип парктарды, скверлерди жана башка корулуучу жайларды тебелетип, бак-дарактарды сындырган жана  тиричилик таштандыларында жүргɵн мал шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан сунушталган атайын аймактардагы короолоруна камалып, алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын «Административдик  жоопкерчилик  жɵнүндɵ»  кодексинин жана Нарын шаардык Кеӊешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги XXVI  чакырылыштагы кезектеги XII сессиясынын №4 токтомуна ылайык чаралар кɵрүлɵт.

— Шаар аркылуу малдарды айдап ɵтүүчү жолдор Нарын шаардык мэриясынын 2015-жылдын 5-июлундагы №138-б буйругуна ылайык иш алып барылат.

 

Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси

-жоопту катчы-                                                                    А.Абдыкеримов

Добавить комментарий