НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫНЫН №8 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXVII  СЕССИЯСЫНЫН

№8 ТОКТОМУ

           Нарын  шаардык Кеңешинин 24-август 2015-жылдагы XXVI чакырылыштагы    XXIV сессиясынын №4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

           Нарын  шаардык Кеңешинин 24-август 2015-жылдагы XXVI чакырылыштагы    XXIV сессиясынын №4 токтомунда Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-13-беренелерине ылайык Нарын шаардык мэриясынын чарба башчысы  О.Абдылдаевге  Нарын шаарынын Ш.Мамбетов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык гаражды сессияга катышкан депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен  сатып алуу жолу  менен жеке менчике берүүгө макулдук берилсин деп белгиленген.

Нарын шаардык мэриясы 2015-жылдын 27-октябрында           Нарын  шаардык Кеңешинин 24-август 2015-жылдагы XXVI чакырылыштагы    XXIV сессиясынын №4 токтомуна өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө сунуш кат менен кайрылышкан.

Токтомго өзгортүү киргизип берүү жөнүндөгү Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 24-август 2015-жылдагы XXVI чакырылыштагы    XXIV сессиясынын №4 токтомунун 1- пункту  толугу менен алынып салынып,  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-13-19- беренелерине ылайык Нарын шаарынын Ш.Мамбетов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык гаражды сатууга макулдук берилсин деп өзгөртүлсүн.

 

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 24-август 2015-жылдагы XXVI чакырылыштагы    XXIV сессиясынын №4 токтомунун  2- пункту  толугу менен алынып салынып, Ш.Мамбетов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык гаражды сатууну Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын деп өзгөртүлсүн.

  Төрага                                                                                   Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык муниципалдык менчик департаментине

 

Добавить комментарий