Нарын шаарында 2013-жылдын 2-октябрында Кумтөр маселеси боюнча коомдук угуу болуп өттү

Нарын шаарында 2013-жылдын 2-октябрында Нарын шаардык Кеңешинин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын сунушу менен  Кумтөр маселеси боюнча  коомдук угуу болуп, анда  Кумтөр маселеси боюнча мамлекеттик комиссиясынын кортундусунун негизинде Кумтөр кенин иштетүүдө түшкөн кирешенинин бир пайыздык өлчөмү  Нарын облусу үчун бөлүнбөй жаткандыгын талкуулашты. Коомдук угууга шаардык Кеңештин жана айылдык Кеңештин депутаттары, люстрация кыймылынын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышышты. Коомдук угуунун жыйынтыгы атайын жумушчу топ түзүлуп, шаардык Кеңештин атынан  Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине Кайрылуулар жолдонду.

Обсуждение закрыто.