ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/1 ТОКТОМУ
21-январь 2012-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы «Батыш» көчөсүнө маркум
Байтугелов Абдылданын ысымын берүү жөнүндө
Байтугелов Абдылда 1936-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ой-Терскен айлында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.1953-жылы Ат-башы айылында орто мектепти аяктап, 1954-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтуна кирип, аталган окуу жайын 1958-жылы «Энергетик» адистигине ээ болуу менен аяктаган.Эмгек жолун Тянь-Шань районундагы айыл чарбасын электрлештирүү ишканасынын монтаждап куру башкармасында прораб болуп иштөө менен баштап, андан кийин электрмантаждоочу, башкы инженердик кызматтарда иштеген.1965-1975-жылдары Тянь-Шань электр тармактар ишканасында жабдуу боюнча инженер, ага инженер, директордун орун басары болуп эмгектенген.1975-1981-жылдары Нарын электр тармактар ишканасында инженер, бөлүмдүн начальниги, өндүрүштүк пландоо бөлүмүнүн начальниги, башкы инженер, төраганын орун басары, төрага болуп эмгектенип жүрүп эс алууга чыккан.
Байтугелов Абдылданын электр тармагында иштеген үзүрлүү эмгектери үчүн «СССР энергетикасынын отличниги» төш белгиси, «Кыргыз ССРинин айыл чарбасын электрлештирүүнүн отличниги» наамына ээ болгон.Мындан сырткары бир нече жолу «Кыргызбашкыэнерго», «Кыргызэлектросетьстрой» трестинин, Нарын электр ишканасынын «Ардак грамоталары» менен сыйланган.
Нарын шаардык Кеңешине Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы, шаардагы «Батыш» көчөсүнүн тургундары маркум Байтугелов Абдылданын ысымын Нарын шаарындагы «Батыш» көчөсүнө берүү боюнча сунуштарын жиберишкен.Сунуштар шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, сессияга сунуш кылынган.
Байтугелов Абдылданын электр тармагындагы көп жылдык эмгегин баалап Нарын шаарынын «Батыш» көчөсүнө анын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Электр тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн маркум Байтугелов Абдылданын ысымы Нарын шаарындагы «Батыш» көчөсүнө берилсин.
- Көчөнүн атын өзгөртүүгө, оңдоого, түзөтүүгө, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, арыктарды ирээтке келтирүүгө жана ушул көчөнүн жашоочуларынын үй китепчелерин, паспортторун которууга кеткен финансалык чыгымдарын көтөрүү Байтугелов Абдылданын үй бүлөсүнө тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына, паспорт столго, А.Байтугеловдун үй-бүлөсүнө.