ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН 6/6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН

6/6 ТОКТОМУ               

                                                                                 Кыдырмаев Үсөнбек Дүйшеевичке Нарын шаарынын                                                                                                                                        «Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

            Кыдырмаев Усенбек Дүйшеевич 1958-жылы 15-мартта Нарын облусуна караштуу Тянь- Шань районунун Куланак айылында колхозчунун үй бүлөсүндө туулган. 1975-жылы мектепти аяктаган соң, өзү тулуп өскөн Куланак колхозунда комсомолдук жаштар бригадасында жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1976-78-жылдары  Советтик Армиянын катарына кызмат өтөгөн. 1987-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумду, 2007-жылы КРнын +кмөтүнө караштуу Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясын аяктаган.

 1978-жылы Нарын токой чарбасында кассир болуп эмгектенип туруп, ушул эле мекемеде 1983-жылга чейин бухгалтер болуп иштеп келген.1983-84-жылдары Тянь-Шань райондук айыл чарба башкармасында экономист,1984-жылдан 1991-жылга чейин Нарын шаардык турак жай башкармасында бухгалтер, экономист,инженер,1991-1996-жылдары Нарын облустук өрттөн сактоо ыктыярдуу коомунда башкы бухгалтер,1996-1998-жылдары Нарын шаардык БТИсинде башкы  бухгалтер болуп эмгектенип келген. 1998-жылын 7-июль айынан бүгүнкү күнгө чейин Нарын району боюнча мамлекеттик салык инспекциясында мамлекеттик салык инспекциясынын «Чыгыш региондор аралык» башкармалыгында инспектор, сектор башчы, бөлүм башчы кызматтарында эмгектенип келе жатат.

            Эмгектеги үзүрлүү жетишкендиктери жана мамлекеттик бюджеттин киреше   бөлүгүнүн өсүп- өнүгүшүнө кошкон зор салымдары үчүн 2002-жылы КРнын финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик салык инспекциясынын «Ардак грамотасы»,2008-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы»,мамлекеттик салык мнспекциясынын региондор аралык башкармалыгынын «Ардак грамотасы» менен сыйлаган. Мамлекеттик салык инспекциясынын «Мыкты кызматкери»

            Кыдырмаев Үсөнбекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү мамлекеттик салык кызматынын «Чыгыш региондор аралык»  башкармалыгынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ

 


1.        Мамлекеттик салык кызматында үзүрлүү эмгектенип, шаардык бюджеттин өсүп өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Кыдырмаев Үсөнбекке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.


 


2.      Жобого ылайык Кыдырмаев Үсөнбекке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы  жана күбөлүгү тапшырылсын.


 

 

            Депутаттардын

     Нарын шаардык Кеңешинин

                 төрагасы                                                                                    А.Көкөтаев

             

                   __________________________________________________________________________________

     Жөнөтүлсүн: иш кагазга,туруктуу комиссияга,шаардык мэрияга, шаардык архитектурага, «Таза Нарын» ишканасына,ММДГа, Ү.Кыдырмаевге

Обсуждение закрыто.