ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/15 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                                               XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН                                                         № 6/15  ТОКТОМУ

                                       11-июль  2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 


Бабаев Мурат Бабаевичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө


 

                Бабаев Мурат Бабаевич 1953-жылы Ат Башы районунундагы Казыбек айылында, колхозчунун үй бүлөсүндө туулган.1971-жылы Пограничник орто мектебин аяктап, ошол жылы Пограничник колхозунда колхозчу болуп иштеген.1971-1973-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин, 1974-жылы Пограничник колхозунда  колхозчу болуп иштеген. Колхоздун комсомолдук уюмунун жолдомосунун негизинде 1974-жылдын 10-декабрында ички иштер органдарына кызматка кирип, Нарын шаарындагы  №4-СИЗО мекемесинде контролерлук кызматта иштеген.1975-1977-жылдары Казак ССРинин Чимкент шаарындагы СССР ички иштер министрлигинин атайын орто мектебин,1982-1987-жылдары Казак ССРинин Караганда шаарындагы СССР ички иштер министрлигинин жогорку мектебин сырттан окуп бүтүргөн.1977-1978-жылдары Нарын шаарындагы №7-колония- поселениесинде отряддын начальниги, 1978-1987-жылдары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдындагы атайын комендатурасында күзөтчү, кылмыш иликтөө боюнча ага оперативдүү кызматында (оперуполномочен), начальниктин орун басары, 1987-1991жылдары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө милициянын ага участкалык инспектору,1991-1993-жылдары Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин кадрлар боюнча орун басары,1993-1994-жылдары Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүндө ага инспектор,коомдук-коопсуздук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары,1994-2000-жылдары Нарын шаары менен Нарын району бириктирилгенде Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин кызмат боюнча орун басары, 2000-2006-жылдары Нарын облустук ички иштер башкармалыгында ага инспектор, секретариаттын жана коомдук коопсуздук бөлүмүнүн начальниги кызматтарында иштеген.

                2006-жылы ардактуу эс алууга чыккан.Атайын чини-«милициянын полковниги»

                2007-жылдын сентябрь айынан  бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаардык мэриясында башкы адис-юрист кызматында иштеп келе жатат.

                Учурда М.Бабаев Нарын облустук ички иштер органдарынын Ардагерлер Кеңешинин төрагасы, согуштун, эмгектин жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин, согуштун, эмгектин жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин Нарын облустук Кеңешинин төрагасынын орун басары коомдук иштерин аткарууда.

                Мурат Бабаев Нарын шаарынын аймагында кылмыштуулукка каршы күрөшүү, мыйзамдуулуктун,укук тартибинин сакталышын камсыз кылуу багытында кошкон салымдары үчүн, 1979-жылы  ЛКСМ Борбордук Комитетинин «Коомдук тартипти сактоо боюнча активдүү иши үчүн» төш белгиси,1983-жылы СССР ички иштер министрлигинин 3-даражадагы «Кынтыксыз кызматы үчүн» төш белгиси,  КРнын ички иштер министрлигинин «Кыргыз милициясына 70 жыл» юбилейлик төш белгиси, 1999-жылы ушул эле министрликтин «Кыргыз министрлигинин «Ардактуу участкалык инспектору»төш белгиси, КР нын ички иштер мнистрлигинин «Ардак Грамотасы», 2004-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин «Кыргыз милициясына 80 жыл» юбилейлик төш белгиси, 2 008-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин «Кадырман» төш белгиси , 2009-жылы Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин «Ардак Грамотасы» менен, 2011-жылы Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын «Күжүрмөн»төш белгиси менен сыйланган.

                М.Бабаевге Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы


                              ТОКТОМ КЫЛАТ

Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, укук тартибинин сакталышына кошкон салымдары үчүн Бабаев Мурат Бабаевичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

Жобого ылайык, Бабаев Мурат Бабаевичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.


     

                      Депутаттардын


         Нарын шаардык Кеңешинин

                        төрагасы                                                                                                           А.Көкөтаев

____________________________________________________________________________________  Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,шаардык архитектурага,ММДга, «Таза Нарын» ишканасына,М.Бабаевге

Обсуждение закрыто.