НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХ СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХ  СЕССИЯСЫНЫН

 2  ТОКТОМУ

 

3 – март  2020-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу Нарын шаардык мэриясынын жана тармактык бөлүмдөрүнүн отчету жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын  шаардык  Кеңешинин  Регламентине  ылайык    Нарын  шаарынын  мэри Н.А.Молдокадыровдун, вице-мэрлеринин жана бөлүмдөрүнүн 2019-жылдагы Нарын шаарында аткарылган иштердин абалы жөнүндө маалыматтарын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 2019-жылы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшү багытында аткарган иштери боюнча берген маалыматтары эске алынсын.
  2. Нарын шаардык Кеңешинин 20-декабрь 2018-жылдагы XIX сессиясынын №1 токтому менен бекитилген “Нарын шаарынын 2018-2022-жылдардагы өнүгүү программасынын” ишке ашырылышы боюнча мэр Н.Молдокадыровдун маалыматы эске алынсын жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүн көтөрүү чараларын көрүү мындан ары улантылсын.
  3. Нарын шаарынын мэриясына жана тиешелүү облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине төмөндөгү иштерди аткаруу тапшырылсын:
  • Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн, айрыкча жыл ичинде салыктар жана салык эмес  жыйымдарды көбөйтүүгө, планды ашыгы менен аткарууга өзгөчө көңүл буруу;
  • базарларда, өз алдынча иштеген жеке ишкерлерден алынуучу патенттерди тактоо, ижарага берилген жер аянттардын, таштандыга төлөөчү абоненттердин санын тактоо, ага төлөнүүчү төлөмдөрүн убагында өндүрүү;
  • муниципалдык жерлерди, объектилерди натыйжалуу пайдалануу менен жергиликтүү бюджетти толтурууга кошумча кирешелерди табуу;
  • КРнын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын талаптарын сактоо менен мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылууну көзөмөлгө алуу;
  • Нарын шаарындагы жайыт жерлерди тактоо, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу,  жайыт пайдалануу боюнча талаш тартыш маселелерин  өз убагында жеринде чечүү;
  • шаарга инвестицияларды тартууга карата шаардык мекеме, ишканалар менен бирдикте чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүүгө, шаарда жашаган калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу үчүн көп кабаттуу турак жайларды куруу;
  • шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардын ички жолдорун асфальттоо, тротуарларды оңдоо иштерин улантуу, тышкы жана ички туристтерге шаарда жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шаардын кире бериштерине жана шаардын белгиленген жерлерине заманбап коомдук ажатканаларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү;
  • Нарын шаарында жаңы салынып жаткан калкты тейлөөчү жайларды курууда инфраструктуралык шарттарды түзүү менен унаа токтотуучу жер аянттарды кошо жайгаштырууну  көзөмөлгө алуу;
  • Нарын шаарынын башталган башкы планын бүткөрүү, баш аламан соода түйүндөрүн, базарлардын айланасын ирээтке келтирүү жана борбордук базарда орун алган унаа тыгындарын жоюу боюнча комиссия түзүп иш алып баруу, муниципалдык жер аянттарын тактоо, аларды каттоодон өткөрүү;
  • Көп-кабаттуу турак-үйлөрдүн короосунда жайгашкан башаламан курулуштарды ирээтке келтирүү;
  • шаардагы кеңселердин, мекеме-ишканалардын, соода түйүндөрүнүн, дарыканалардын жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү, тейлөөчү ишканалардын сыртындагы көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык жүргүзүү;
  • муниципалдык менчиктеги объектилердин жана жер участокторунун, муниципалдык ишканаларга, чарбалык жүргүзүү укугу менен, ал эми мекемелерге оперативдүү башкаруу укугу менен   бекитилип   берилген   мүлктөргө, инженердик    инфратүзүм объектилерге, кыймылсыз мүлктөргө инвентаризация иштерин жана Муниципалдык менчик объекттеринин реестрин жүргүзүүнү улантуу;
  • шаардагы таштанды төгүүчү жайынын тосмолорун ирээтке келтирүү, шаардын санитардык абалын жакшыртууга, айрыкча базарларга, ашканаларга, дүкөндөргө көзөмөлдү күчөтүү;
  • Карга-Жайлоо таштанды төгүлүүчү жайдын айланасын ирээтке келтирүү, рекультивация жумуштарын жүргүзүү, санитардык –экологиялык абалынын сакталышына өзгөчө көңүл буруу;
  • Нарын шаарынын муктаждыгына байланыштуу жаңы көрүстөн уюштуруу үчүн Нарын районунан жер аянтын бөлдүрүп алуу боюнча аракеттерди көрүү;
  • шаардагы элге кызмат көрсөткөн коомдук жеке транспорт каттамдарынын белгиленген график боюнча жүрүшүн жана алардын патент алуусун камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү;
  • кылмыштуулукту алдын алууда, уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын колдогондорго, банги заттарына байланышкан кылмыштарга каршы ыкчам аракеттерди көрүү менен кырсыктын алдын алууга багытталган иш аракеттерди көрүү;
  • коомдук тартипти, жол коопсуздугун алдын алууда, шаардын ичиндеги автоунаалардын жүрүүсүн ирээтке келтирүү, унаа тыгындарын болтурбоого карата жол белгилерин, видео көзөмөлдөрдү орнотуу;
  • пенсиялардын, жөлөкпулдардын туура чектелишине жана өз убагында төлөнүшүнө көзөмөлдүктү күчөтүү;
  • жумушсуздардын санын кыскартуу максатында жумушсуздарды ишке жайгаштыруу, кошумча жумушчу орундарын түзүү;
  • окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мектептердин, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чындоо, окуу китептери менен камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу;
  • шаардагы  балдар бакчасына тартылбаган балдарга кам көрүү максатында шаарга азыркы замандын талабына ылайык бала бакчаларды курууга инвестиция тартуу жана мурунку балдар бакчаларынын имараттарын муниципалдык менчикке кайтарып алуу маселесин чечүү;
  • 28-май 2018-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XVI сессиясынын №3 токтомунун 2-пункттунда көрсөтүлгөн милдеттердин аткарылышын, Нарын шаарындагы “Жамияти Ассалам Лиль Амааль Аль Инсаният Валь Хайрия” кайрымдуулук фонду менен түзүлгөн келишимдин ишке ашырылышын, “Окуу-тарбиялык жана мектеп комплексин” ишке киргизилишин тез арада тактап чыгуу;
  • Нарын шаарында орун алган ооруларды алдын алууга карата чараларды көрүү,  айрыкча өспүрүмдөр арасында жугуштуу инфекциялык ооруларды алдын алуу, жаш балдардын өлүмүн кыскартуу,  калктын саламаттыгын сактоодо, эмдөөдөн баш тарткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • «Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» КРнын мыйзамынын негизинде кургак учук менен ооруп калган ооруулуларга ооруканаларга жана санаториялык дарылоого кеткен чыгымдарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылына 1 жолу акча каражатын бөлүп берүү;
  • Нарын суу канал ишканасы, Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасы, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси, Нарын электр тармактар ишканасы дебитордук, кредитордук карыздарын жоюу, өндүрүүгө  аракеттерди көрүү;
  • жылуулук берүүчу отканалардын иштешине, жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз берилишине чараларды көрүү;
  • шаардын калкын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, обүектилерде авариялык бүлүнүүлөрдү болтурбоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүү.
  1. Нарын шаардык мэриясы Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесине оперативдик башкарууга берилген Нарын шаардык борбордук мончосунун жалпы ишин, абалын карап чыгуу жагы тапшырылсын жана мындан аркы иш жүргүзүү боюнча сунушун берсин.
  2. Нарын шаарындагы бардык саламаттык сактоо мекемелериндеги калкты тейлөөдө жургүзүп жаткан иштерине, учурда дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан коронавирус жугуштуу оорусун алдын алууга карата алып барып жаткан иштерине 2020-жылдын 20-мартына чейин мониторинг жүргүзүү жагы “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  3. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана тиешелүү шаардык, облустук мекеме, ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн жана аткарылышы боюнча 2020-жылдын  1-апрелинде маалымат беришсин.
  4. Токтомду көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                      Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,  шаардык мэрияга, ички иштер, билим берүү бөлүмдөрүнө, ММИге, «Таза-Нарын», суу канал, жылуулук берүү, электр тармактар, жашылдандыруу ишканаларына, ҮДТга, маданият бөлумүнө, ДЭПОна.

 

Добавить комментарий