НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХ СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКТЕГИ ХXХ  СЕССИЯСЫНЫН 

            № 3 ТОКТОМУ

3 — март  2020-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы спорт мектептеринин жалпы алып барып жаткан иштери жөнүндө

           Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын  шаардык  Кеңешинин  Регламентине  ылайык Нарын шаардык Кеңешинин 2019-жыл  16-декабрындагы № 6-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгы менен жазылган маалымкаттын корутундусунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы спорт мектептеринин жалпы алып барып жаткан иштери жөнүндө комиссиянын маалыматы эске алынсын.
  2. Нарын шаардык С.Бекмамбетов атындагы балдар-уландар спорт мектебинин иш кагаздары түзөтүлсүн жана маалыматта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюуу боюнча иш аракеттер көрүлсүн.
  3. Спорт мектептердеги спорттун бардык турлөрүнөн көрсөткүчтөрдү көтөрүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүү, 2019-2020-окуу жылдын жыйынтыгы менен натыйжалуу иш алып барбаган машыктыруучуларга тиешелүү чара көрүү жагы спорт мектептеринин директорлоруна, көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  4. Жалпы спорт мектептерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилген акча каражатынын максатуу пайдаланылышы, шаардык масштабда мелдештерди уюштурууну көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаардык спорт бөлүмүнө, Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  5. Ден соолукту чыңдоо комплексинин (ФОК) имаратын толук оңдоп түздөөдөн өткөрүү үчүн республикалык түрткү берүүчү грантка долбоор иштеп чыгуу жана  Нарын шаардык мэриясына сунуштоо  Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебине тапшырылсын.
  6. С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилген олимпиадалык резервиндеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Нарын шаарынын мэриясы менен бирдикте Нарын райондук балдар-уландар спорт мектебин Нарын районунун базасына жайгаштырууга чара көрсүн.
  7. “Газпром балдарга” спорт комплексин борбордук канализацияга кошуу боюнча иш аракеттерди көрүү жагы Нарын шаардык суу-канал ишканасы менен бирдикте Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  8. Нарын шаарындагы жалпы спорт мектептериндеги машыктыруучуларды аттестациядан өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу боюнча тиешелүү министрликке Нарын шаардык мэриясы тарабынан кат жолдонсун.
  9. Токтомдун аткарылышы боюнча Нарын шаардык мэриясы тарабынан 2020-жылдын май  айында маалымат берилсин.
  10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү түзүлгөн комиссиянын курамына калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, шаардык спорт бөлүмүнө,спорт мектептерге.

Добавить комментарий