НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XIII СЕССИЯСЫНЫН 

№4 ТОКТОМУ

26-январь 2018-жыл                                                                                                                                Нарын шаары

Жергиликтүү   бюджеттин 2018-жылдын  1-январына карата калган калдыктан акча каражатын бөлүү жөнүндө

          Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин  2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен «Кыргыз Республикасынын  бюджеттик Кодексине» ылайык жергиликтүү бюджеттен каржыланган  мекемелердин сунуш каттарын жана Нарын шаардык Кеңешинин  алдындагы  «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен каржыланган төмөндөгү мекеме-ишканаларга акча каражаты бөлүнүп берилсин:
  • Нарын шаардык  мэриясына  Т.Усубалиев   атындагы   борбордук аянттын реконструкциялоосунун  документация иштерине жана топосьемкасын жазатууга 150,0 миң сом;
  • «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасына  жолбун иттерди атууга 218,4 миң сом;
  • Шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат  көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын  эмгек жааматынын 13 (он үчүнчү)   айлык эмгек акысына 371,9 миң  сом;
  • Нарын   шаардык   Кеңешине, мэриясына Түркия мамлекетине иш сапарга баруу үчүн жол киресине  100,0 миң сом;
  • 5 депутаттык фракцияга 300,0 миң сом.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, КРнын финансы министрлигине  Нарын башкармалыгына, «Таза-Нарын» ишканасына, муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасына, облустук юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий