НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ I I I СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  I I I  СЕССИЯСЫНЫН

№ 4   ТОКТОМУ

1-февраль    2017-жыл                                                                                                                                         Нарын шаары

Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга  акча каражатын бөлүү жөнүндө

Нарын шаарында 2015-2016-жылдары бир катар социалдык обьектилердин анын ичинде бала-бакчалардын курулуш иштерин бүткөрүү маселелери учурдун маанилүү маселелеринин бири болгондуктан, автоунаа сатып алуу маселеси  өз убагында чечилбей  улам кийинкиге жылдырылып келген. Бүгүнкү күндө шаардык мэриянын балансасында кириштелип, шаардык мэриясынын нөөмөттүк пайдалануусуна колдонулуп  келген 1994-жылы өндүрүштөн чыккан 0008 NB мамлекеттик  номерлүү Ауди С-4 автоунаасынын эскилиги жетип, улам оңдоого ашыкча каражат талап кылынууда.Учурда шаардык мэриянын нөөмөттүк пайдалануусуна автоунаа сатып алуу муктаждыгы  келип чыгууда. Мындан сырткары кызматтык автоунаа сатып алууда сатылып алынган автоунаанын өндүрүштөн чыккан мезгили 2007-жылдан кийинки жылдар болуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда  көрсөтүлгөн. Ал эми 2007-жылдан кийинки автоунаа сатып алуу үчүн 10,0 миң АКШ долларынан ашык каражат талап кылынууда.

Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга  акча каражатын бөлүү жөнүндө маселени  талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алуу үчүн  жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен 750,0 (жети жүз элүү миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк  кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга акча каражатын  Мыйзам талаптарына ылайык каржылоо  Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырлысын.

Төрага                                                                                                               Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.

 

Добавить комментарий