НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  

 IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  IV СЕССИЯСЫНЫН 

 № 1 ТОКТОМУ

 

16-февраль 2017-жыл                                                                                                                                                Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы  кезексиз XXXVII сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын  шаардык  мэриясы Нарын шаардык Кеңешинин 21-декабрь 2016-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы  кезексиз XXXVII сессиясынын №2 токтому менен бекитилген   үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамына өзгөртүү киргизип берүү боюнча 2017-жылдын 16-февралында  сунуш кат менен кайрылган. Сунуш катта үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамынын төрагасы Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы Өмүралиев Эсентур киргизилген. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги демилгелөөчү топтун төрагасы шаардык мэриянын жоопту кызматкерлери болбой тургандыгын белгилөө менен кайрадан курамды өзгөртүү сунушун берген.

Нарын шаардык мэриясынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамына өзгөртүү киргизип берүү боюнча сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 21-декабрь 2016-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXVII сессиясынын №2 токтому менен бекитилген  үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамына Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде   өзгөртүү киргизилсин (тиркеме тиркелет).
  1. Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                             Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга

 

Демилгелөөчү топтун курамы боюнча тиркеме

Добавить комментарий