НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН

№ 6 ТОКТОМУ

27-апрель 2018-жыл                                                                                                                                 Нарын шаары

          Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесин  өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1-март 2018-жылдагы республикадагы  иш чараларды өткөрүү жөнүндөгү тескемесине  ылайык, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат :

  1. Нарын шаарынын 150 жылдык мааракеси 2018-жылдын 17-сентябрында өткөрүлсүн.
  1. Мааракени жогорку деңгээлде өткөрүүнү уюштуруу иш чарасы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  1. Нарын шаарынын 150 жылдыгын белгилөөгө карата Нарын шаарында жалпы элдик марафон өткөрүлсүн.  Марафондон түшкөн акча каражаттарынын ачык-айкын эсепке алынышы, сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланышын көзөмөлдүккө алуу үчүн атайын ревизиялык комиссия түзүлсүн.
  1. Марафонду өткөрүү боюнча ревизиялык комиссиясынын курамына Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» комиссиясынын төрагасы Н.Өмүракунов жана  «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жумаканов  киргизилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына, КР финансы министрлигинин  Нарын башкармалыгына.

Добавить комментарий