НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
27-апрель 2018-жыл Нарын шаары
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXIV чакырылыштагы XVI сессиясынын 2006-жылдын 21-декабрындагы №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин «Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына (сквер), мекеме-ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндөгү» Жобосуна ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 21-декабрындагы XXIV чакырылыштагы XVI сессиясынын №5 токтомунун 1-пунктундагы Нарын шаарындагы «Көтөрмө» көчөсү өзгөртүлүп мындан ары «А.Бактыгулов» атындагы көчө деп аталсын деген сүйлөм толугу менен алынып салынып, бул сүйлөмгө өзгөртүү киргизилсин.
- Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXIV чакырылыштагы XVI сессиясынын №5 токтомунун 1-пункту Нарын шаарындагы «Көтөрмө» көчөсүнүн күн «Чыгыш» тарабындагы айрым бөлүктөрү тиркелген чиймеге ылайык (44 түтүн), мындан ары «А.Бактыгулов» атындагы көчө деп аталсын деген сүйлөм менен алмаштырылсын, ал эми күн «Батыш» тарабындагы жайгашкан турак үйлөр (44 үйдөн кийин) «Көтөрмө» көчөсү боюнча калтырылсын деген сүйлөм менен толукталсын (үйлөрдүн чиймеси тиркелет).
- Токтомду аткаруу Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына тапшырылсын жана каттоодон өткөрсүн. Нарын шаардык мэриясы жана бул маселеге тийиштүү мекемелер тийиштүү маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына.
Тиркеме