НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ IХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
11 — май 2017-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 11-февраль 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы XXIX сессиясынын № 5/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
11-февраль 2016-жылы Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык мэриясынын балансасында турган 2007-жылы өндүруштөн чыккан мамлекеттик номери NB 0006 ВОЛГА ГАЗ-31105-801 жана 1992- өндүруштөн чыккан 0008 NB АУДИ С4 автоунааларын чарба жүргузүү укугу менен башка мекемелерге берүүгө, ал эми 1993-жылы өндүруштөн чыккан “Мерседес- Бенс” 190 Д үлгусүндөгү автоунаасын эскилиги жеткендигине байланыштуу сатууга макулдук берилген.
Нарын шаардык мэриясы 2017-жылдын 10-майында шаардык Кеңешке шаардык мэрия тарабынан ВОЛГА жана АУДИ автомашиналарынын ордуна башка автомашиналарды сатып алууга мүмкүн болбой калгандыктан убагында мекемелерге берилбей, ал эми “Мерседес-Бенц”автоунаасы эскилиги жеткендиктен сатууга мүмкун болбой калгандыгын билдирип, Нарын шаардык Кеңешинин 11-февраль 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы XXIX сессиясынын № 5/1 токтомуна өзгөртүү киргизип, учурда шаардык мекемелерде жүргүзүлгөн оптималдаштырууларга ылайык, мекемелердин ишине шарт түзүү максатында Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы мамлекеттик номери 0008 NA АУДИ-100, ШЕВРОЛЕ-НИВА 2123 автоунааларын “Таза-Нарын” жана шаардык муниципалдык менчик ишканаларына берүү жана “Мерседес-Бенс 190-Д” автоунаасын жараксыз катары чыгыштап берүү боюнча сунуш кат менен кайрылышкан.
Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясында Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри Н.Молдокадыровдун билдирүусун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Шаардык мекемелерде жүргүзүлгөн оптималдаштырууларга ылайык, мекемелердин ишине шарт түзүү максатында Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы мамлекеттик номери 0008 NA АУДИ-100, ШЕВРОЛЕ-НИВА 2123 автоунааларын “Таза-Нарын” жана шаардык муниципалдык менчик ишканаларына Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине ылайык чарба жүргузүү укугу менен берүүгө макулдук берилсин.
- 1993-жылы өндүрүштөн чыккан “Мерседес-Бенс 190 –Д” үлгүсүндөгү автоунаа жараксыз абалда болгондугуна байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын балансасынан чыгыштоого макулдук берилсин.
- Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы автоунааларды чарба жүргүзүү укугу менен шаардык мекемелерге берүүгө жана чыгыштоого байланышкан баардык иштерди Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга;