НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХVI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКТЕГИ ХХVI СЕССИЯСЫНЫН

 № 2 ТОКТОМУ

10-ноябрь  2023-жыл                                                                                                                                                                             Нарын шаары

 

       Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы   токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январындагы “Калдыктар” беренесинен төмөндөгү мекеме-ишканаларга акча каражаты бөлүнүп берилсин:

а) Жаш дарыгер А.Чыныбекованын жашаган квартирасынын ижара акысы   2023-жылдын октябь-ноябрь-декабрь айлары үчүн айына 4,0 миң сомдон жалпысы   12,0 миң сом, Нарын шаардык архитектура башкармалыгы чиймелерди чийүү үчүн карыз болгон акча каражатын төлөөгө 400,0 миң сом жана муниципалдык менчик имараттарды камсыздандырууга 100,0 миң сом;

б) Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө жаңы ачылган №3 “Жаркын келечек” бала бакчасына  инвентарь  алууга 500,0 миң сом ;

в)  Нарын муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасына №18 “Ак Дил” бала бакчасынын, “Билимкана” мектебинин жана муниципалдык имараттардын электр энергиясын бөлүп эсептөөгө 84,0 миң сом;

г) Нарын шаардык муниципалдык Жашылдандыруу ишканасына насос алууга   143,8 миң сом,  бензопилага 120,0 миң сом;

д) Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин карызын жабууга 9837,0 миң сом.

  1. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                               А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын регионалдык финансы башкармалыгына, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий