НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  VIII СЕССИЯСЫНЫН

1  ТОКТОМУ

 

16-декабрь  2021-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиянын  курамына өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 5-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 15.11.2021-ж. №787 токтомуна  ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. 2021-жылдын 28-майындагы Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы  II сессиясынын №1 токтому менен бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиянын  курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

а)  “Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат Джунусов Майрамбек Таласбекович Нарын шаарынын 1-вице мэри болуп дайындалгандыктан, «Улуу Кыргызстан» фракциясынан депутат Токторалиев Алтынбек Ысмаилович мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу, тийиштүү туруктуу комиссиялардын курамынан чыгарылышсын;

б) Бош мандаттарды ыйгаруу боюнча  КРнын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын токтомдорунун негизинде жаңыдан мандаттарын алган ”Патриот Ынтымагы” фракциясынын депутат Дыйкамбаев Аксат Төлөмүшович, «Улуу Кыргызстан» фракциясынан депутат Жаманов Ильичбек Кадыркулович тиркемеге ылайык туруктуу комиссиянын  курамына киргизилишсин.

           2. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн:иш кагазга,туруктуу комиссияга.

                                                                                                                                                                                                                            

 

 

Тиркеме

                                            Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары                                                                    

1.         Бюджет,  финансы жана  экономика, ишкердүүлүк, инвестиция  боюнча  туруктуу  комиссиясы
1 Сопакунов Уланбек Моңолдорович – “Республика” фракциясынан депутат Төрагасы
2 Сталбек уулу Арсланбек – “Бийлик элге” фракциясынан депутат Орун басары
3 Токтосейитова Каухар Сүйөрбековна – “Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат Катчысы
4 Эсеналиев Жылдызбек Кубанычбекович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат мүчөсү
5 Иманкулов Адилет Кайратбекович“Ыйман Нуру” фракциясынан депутат мүчөсү
6 Шадыманов Бек Медетбекович –“Ордо” фракциясынан депутат мүчөсү
7 Асылбек уулу Эрлан – “Улуу Кыргызстан” фракциясынан депутат мүчөсү
2.      Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы
1 Курманалиева Нүргүл Өмүрбековна -“Ордо” фракциясынан депутат Төрагасы
2 Осмокеев Алмазбек Алымкулович – “Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат Орун басары
3 Акматова Айгул Мукановна – “Ыйман Нуру” фракциясынан депутат Катчысы
4 Нишарапов Нурбек Бакаевич –“Улуу Кыргызстан” фракциясынан депутат мүчөсү
5 Алымкулова Сүйүнбүбү Качкыновна — “Республика” фракциясынан депутат мүчөсү
3. Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясы
1 Абдыкеримов Чынгыз Амантурович — “Ыйман Нуру” фракциясынан депутат Төрагасы
2 Токтомуш уулу Канат — «Бийлик элге” фракциясынан депутат Орун басары
3 Зайдинов Дастан Арыстанбекович -“Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат Катчысы
4 Жумаканов Мустафа Бейшебаевич — “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат мүчөсү
5 Бакирдинов Темирбек Женишбекович — “Республика” фракциясынан депутат мүчөсү
6 Сопакунов Оңолбек Моңолдорович -“Ордо” фракциясынан депутат мүчөсү
4.  Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу  боюнча туруктуу комиссиясы
1 Күсөрмамбетова Ырыскүл Эмилбековна–“Улуу Кыргызстан” фракциясынан депутат Төрагасы
2 Кудайбергенова Сарылбүбү Сурабалдиевна-“Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат Орун басары
3 Чапкынчиев Адыл Турарбекович “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Катчысы
4 Исаков Талантбек Өмүрович — “Ыйман Нуру” фракциясынан депутат мүчөсү
5 Сыдыгалиев Максат Кумарбекович — Бийлик элге” фракциясынан депутат мүчөсү
5. Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы
1 Турдубек уулу Акылбек – “Бийлик элге” фракциясынан депутат Төрагасы
2 Дыйкамбаев Аксатбек Толомушевич -“Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат Орун басары
3 Жунусова Ырыс Орокеевна -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Катчысы
4 Жаманов Ильичбек Кадыркулович — “Улуу Кыргызстан” фракциясынан депутат мүчөсү
5 Өмүрбай кызы Чолпон — “Ордо” фракциясынан депутат мүчөсү

 

Жооптуу катчы                                                                                                                                                                  А.Абдыкеримов

Добавить комментарий