НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
5-август 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаарында 2022-жылдын 6 айына карата аткарган иштери тууралуу Нарын шаарынын мэринин отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаарынын мэри К.Тутуевдин отчетун угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын мэри К.Тутуевдин Нарын шаарынын 2022-жылдын 6 айына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча сессияда депутаттарга берген отчету эске алынсын жана шаардык мэрия тарабынан айрым иштер аткарылганы белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” 2022-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 25-февралындагы №21-б буйругу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-т тескемеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 5-апрелиндеги №54-б буйругу жана Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги IX сессиясынын “Нарын шаарында 2021-жылга карата аткарылган иштери тууралуу Нарын шаардык мэриясынын отчету жөнүндө” №3 жана кезектеги X сессиясынын “Нарын шаарынын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө” №5 токтомдору толук кандуу аткарууга алынбагандыгы Нарын шаарынын мэринин жеке кемчиликтери деп белгиленсин:
— Нарын шаарындагы айрым мекеме, ишканалардын (НРЭС, охотинспекция, үй бүлөлүк медициналык борбору), билим берүү (түрк лицей) жана бардык спорт мекемелеринин (ФОК, ДЮСШОР, С.Бекмамбетов, Ала-Тоо стадиону), соода базарлардын (Осуй-Ата), дукөндөрдүн (64гү Комфорт, С.Орозбактагы Айнур), май куюучу жайлардын (Чолпон, Тагай, Кызыл Петролиум), кафе-ресторандардын (Аска-Нур, Изумруд кафесинин айланасы, городоктогу Хан-Тенгри), өнөр-жай ишканаларынын (мясокомбинат), борбордук мончонун имараттарынын сырткы көрүнүшүнө көңүл бурулбай, отоо чөптөр өсүп, тосмолору акиленип, сырдалбагандыгы;
— айрым мекеме, ишканалардын айланасы жашылдандырылбагандыгы.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы “2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” №180 Жарлыгына, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы №474 жана 2015-жылдын 16-сентябрындагы №642 токтомдоруна ылайык коррупциянын алдын алуу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, коррупцияга каршы аракеттерди көрүү боюнча Нарын шаардык мэриясы жана мекеме, ишканалардын жетекчилери тарабынан иш алып барылсын.
- Нарын шаардык мэриясы, мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгы менен бирдикте Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн, айрыкча салыктар жана башка жыйымдарды көбөйтүүгө, планды ашыгы менен аткарууга өзгөчө көңүл бурулсун.
- Нарын шаарына инвестицияларды, долбоорлорду тартууга карата шаардык мекеме, ишканалар менен бирдикте чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүү Нарын шаардык мэриясынын башкы милдети деп эсептелсин жана “MSDSP.KG” коомдук фонду, депутаттар, активдүү жарандар менен биргеликте шаардын беш чөлкөмүндө калк менен иштөө, калктын муктаждыктарын аныктоо жана мобилизациялоо боюнча долбоору ишке ашырылсын.
- Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардын ички жолдорун асфальттоо, тротуарларды оңдоо иштерин улантуу, тышкы жана ички туристтерге шаарда жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү Нарын шаардык мэриясына жана анын тармактык бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
- Нарын шаарындагы бардык мекемелерди жана менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларды, кеңири коомчулукту активдүү тартуу жолу менен ар бир калктуу конушта бак-дарактарды, көп жылдык бадалдуу бак-дарак өсүмдүктөрүн жана башка көчөттөрдүн түрүн отургузуу боюнча ар жылкы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылынсын.
- Нарын шаарында азыркы учурда орун алып жаткан ооруларды алдын алууга карата чараларды көрүү айрыкча өспүрүмдөр арасында жугуштуу инфекциялык оруларды алдын алуу, жаш балдардын өлүмүн кыскартуу калктын саламаттыгын сактоодо эмдөөдөн баш тарткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Нарын шаардык мэриясынын вице мэрине, үй бүлөлүк медицина борборуна тапшырылсын.
- 2021-2022-жылдарда эл аралык донорлордон, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып жасалган курулуштардын, жазалып жаткан иштердин ремонтторуна, сатылып алынган жабдууларга жана чарба буюмдарына мониторинг жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
- Нарын шаарында жайгашкан кеңселердин, мекеме-ишканалардын, соода түйүндөрүнүн, дарыканалардын жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү, тейлөөчү ишканалардын сыртындагы көрнөк-жарнактардын бардыгын Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык келтирүү Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басарына, тиешелүү мекеме, ишканаларга жүктөлсүн.
- Нарын шаарында элге кызмат көрсөткөн коомдук жана жеке транспорт каттамдарынын белгиленген график боюнча жүрүшүн, унаалардын санитардык жактан тазалыгын көзөмөлдөө муниципалдык транспорттук ишканасы, жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан көзөмөлдүк күчөтүлсүн жана Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринде 2022-2023-окуу жылы башталып жаткандыгына байланыштуу коомдук транспорттун даярдыгын жана шаар ичинде жүрүү графигин көзөмөлдөө шаардык мэрияга, Нарын шаардык транспорттук ишканасына жүктөлсүн.
- Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасынын оперативдик башкаруусундагы шаардык мончону оңдоп-туздөө иштерин буткөрүү, жасалгаларын өзгөртүү, жабдууларын жаңыртуу жана башка иштерге өзгөртүүлөрдү киргизүү, түшкөн акча каражаттарды көзөмөлдөө, атайын эсепке түшүрүү жагы аткарууга алынсын.
- Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулукту алдын алууда, жол коопсуздугун камсыз кылууда, уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын колдогондорго, банги заттарына байланышкан кылмыштарга каршы ыкчам аракеттерди көрүү менен кырсыктын алдын алууга багытталган иш аракеттер көрүлсүн.
- Шаардын ичиндеги автоунаалардын жүрүүсүн ирээтке келтирүү, унаа тыгындарын болтурбоого карата жол белгилерин, видео көзөмөлдөрдү орнотуу шаардык мэрияга, ички иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
- Нарын шаарында зордук-зомбулук боюнча иш алып баруу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иштер колго алынсын.
- Нарын шаарынын калкын жайкы мезгилде ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда көп кабаттуу жана турак үйлөргө, айрыкча РТС чөлкөмүнө сууну жеткирүү иштери жеткиликтүү деңгээлде колго алынбагандыгы белгиленсин жана ишти өз деңгээлинде жургүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын суу-канал ишканасына милдеттендирилсин.
- Борбордук базардын айланасындагы көчөдө соода кылган жеке адамдарды тартипке салуу, базардын ичи-сыртында тазалыкты сактоо, жол тыгындарын азайтуу, өрт коопсуздугун алдын алуу максатында унаалар кирип, чыгуучу жолдорду түзүү, таксилерди жол кесилиштерине жана жол боюна токтоосун жөнгө салуу үчүн атайын токтоочу жайларды уюштуруу, жөө жүргүнчүлөр жана шаарга келген конокторго базарда журүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасы иш алып жүргүзсүн.
- Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна шаардык мекеме, ишканалар тарабынан бир дагы долбоор жазылбагандыгы Нарын шаарынын мэринин кемчилиги деп белгиленсин жана Нарын шаарына кирешелерди алып келе турган социалдык жана экономикалык долбоорлорду даярдап сунуштоо Нарын шаардык мэриясына, мекеме, ишканаларга тапшырылсын.
- Нарын шаарынын городок аймагындагы бассейндин суусун өз убагында жаңыртуу, тазалоо, душ кабиналарынын, эс алуучу жана кийинип-чечине турган жайларынын санитардык тазалыгын сактоо, сууга сүзүүчүлɵрдүн коопсуздугу үчүн үйрɵтүүчү инструктор, куткаруу кызматынын милдеттерин күчөтүү Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин Нарын филиалына милдеттендирилсин.
- Нарын шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин “экономикалык чыгымдар” жана “калдыктар” беренелеринен шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнө бөлүнгөн акча каражаттардын өз учурунда туура, максаттуу пайдаланышына өзгөчө көңүл буруу жана анын аткарылышын учурунда көзөмөлдөп туруу Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы тиешелүү туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
- Нарын шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүүдө Нарын шаарынын калкын, жалпы орто мектептерди, балдар бакчаларды, ооруканаларды көмүр-отуну, жылуулук, таза суу, электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында тийиштүү чараларды көрүшсүн жана даярдыктын жүрүшү боюнча 2022-жылдын 1-ноябрына чейин маалымат берсин.
- Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жана шаардык мэрияга тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстицияга, шаардык мэрияга, шаардык ички иштер бөлүмүнө, ЦСМге, билим берүү бөлүмүнө, ММИ, «Таза-Нарын», суу канал, транспорт, жашылдандыруу, жылуулук берүү, электр тармактар ишканаларына, санэпидге, соц.фондго, соц.өнүгүүгө, архитектурага, спорт мектептерине, фин.отдел, салык башкармалыктарына.