НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХIV СЕССИЯСЫНЫН

9 ТОКТОМУ

5-август  2022-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

 

Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосуна Нарын шаарынан сунушталып жаткан долбоорлор  жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке аша турган долбоорлор аталган фонддун кароосуна сунушталсын (тиркеме тиркелет).
  2. Нарын шаардык мэриясы тарабынан сунушталган долбоорлор менен иш алып баруу жана ар бир мекеме, ишкана жыл аягына чейин кошумча бирден кем эмес шаарга киреше алып келе турган экономикалык жана социалдык долбоорлорду даярдап сунуштоо жагын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                              А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, мэрия аркылуу бардык мекеме, ишканаларга таратылсын.

 

9-ТОКТОМГО_ТИРКЕМЕ

 

 

Добавить комментарий