НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХIV СЕССИЯСЫНЫН

8 ТОКТОМУ

5-август  2022-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 “Нарын шаарынын аймагында үй –бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын   2-августундагы катына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы тийешелүү туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун протоколунун чечимине  ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясынын «Нарын шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө»  жобосу  бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Кабыл алынган Жобо Нарын шаарынын жашоочуулары жана шаардын аймагындагы бардык мекеме, ишканалар тарабынан аткарууга алынсын.
  3. Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарындагы тийиштүү мекеме, ишканалар жана укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында ашыкча чыгымдарга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүп иш алып барсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 Төрага                                                                                                                                                                                  А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, мэрия аркылуу бардык мекеме, ишканаларга таратылсын.

 

 

8-ТОКТОМГО_ТИРКЕМЕ

 

 

Добавить комментарий