НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКТЕГИ ХXII СЕССИЯСЫНЫН    

  № 2 ТОКТОМУ

19-апрель  2023-жыл                                                                                                                                                                              Нарын шаары

 

Нарын шаардык Ж.Коңурбаева  атындагы борборлоштурулган китепканасына кошумча штаттык бирдик ачуу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепканасынын РТС чөлкөмүндө жайгашкан №2 филиалына иштин зарылчылыгына байланыштуу 2023-жылдын май айынан баштап кошумча бир штаттык бирдик (кароолчу-оператор) ачылып берилсин жана ушул жылдын май айынан баштап мекеменин штаттык бирдикке киргизилсин.
  2. Ачылган кошумча штаттык бирдиктин 8 (сегиз) айынын эмгек маянасына жана социалдык фондуна төлөнүүчү 128 768 сом акча каражаты Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “калдыктар” беренесинин эсебинен каржылансын жана штаттык бирдикти бекиттирүү жагы Нарын шаардык борборлоштурулган китепкананын директоруна жүктөлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына 2023-жылдын май айынан баштап кошумча ачылган 1(бир) штаттык бирдиктин эмгек маянасын төлөп берүү жагы тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                       А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,  мэрияга, Нарын финансы башкармалыгына, Нарын шаардык  борборлоштурулган китепканага.

 

Добавить комментарий