НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХIХ СЕССИЯСЫНЫН №7 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХIХ СЕССИЯСЫНЫН

 №7  ТОКТОМУ

12-сентябрь   2024-жыл                                                                                                    Нарын шаары

 

Нарын облустук прокуратурасынын имаратын курууга  кошумча жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып,  Нарын шаардык мэриясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 01-17/3608   сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы токтом кылат:

 

 

  1. Нарын облустук прокуратурасынын административдик имаратын куруу үчүн Нарын облустук прокуратурасынын күн чыгыш тарабындагы жер тилкесинен кошумча жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Идентификациялык коду боюнча бөлүнгөн жер тилкесинин ордун тактап,  чектеп, бөлүп берүү боюнча мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                   А.Молдосалиев

 ____________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;             

Добавить комментарий