НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 10 ТОКТОМУ
14-июнь 2024-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы электробус каттамдарынын жүргүнчүлөр үчүн жол кире акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы электробус каттамдары үчүн жол кире акысы 1-4 –класстардын окуучуларына 5 (беш) сомго, ал эми жалпы жүргүнчүлөр үчүн 10 (он) сомго бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
____________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, транспорт ишканасына, юстицияга.