НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
2-март 2024-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
- Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 23474,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
- Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен берилген 2000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
- Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каржатынын планына Кырыз Республикасынын финансы министрлигинен алымча кошумча такташуулардан кийин 2872,4 миң сом такталган планы бекитилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансыбашкармалыгына (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, КРнын финансы министрлигине, Нарын финансы башкармалыгына.
Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы_тиркеме