НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
30-январь 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин 27-январь 2022-жылдагы V чакырылыштагы кезектеги IХ сессиясынын №1 токтому менен кабыл алынган Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти күчүн жоготту деп таанылсын.
- Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Жапаралиевага тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
____________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына;