НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
27-февраль 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин. (1- тиркеме тиркелет)
- Нарын шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан 29720,0,0 миң сом жана Нарын шаардык мэриясынын резервдик фондунан берилген 2500 миң сом акча каражаттары бекитилсин.
- Нарын шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каржатынын планына Кырыз Республикасынын Финансы министрлигинен алымча кошумча такташуулардан кийин такталган планы 24843,8 миң сомго бекитилсин.
- 5. Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын финансыбашкармалыгына (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына, Нарын облустук юстиция башкармалыгына;