НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН № 11 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VII  СЕССИЯСЫНЫН

 № 11 ТОКТОМУ

 27 -февраль 2025-жыл                                                                                                                   Нарын шаары

 

 

Нарын шаарындагы таза сууну пайдалануу жана саркынды сууларды агызуу

ченемдерин (нормаларын)  бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо  жана саркынды сууларды чыгыруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” №320 токтомун жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы токтом кылат:

 

1.Нарын шаарынын аймагында жашаган шаар калкына, мектептерге, балдар бакчаларына, бюджеттик мекемелерге, чарбалык жана коммерциялык ишканаларга ичүүчү суу менен камсыздоо  жана саркынды сууларды агызуу ченеми (нормасы) суу керектөөнүн стандарты менен тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Суу керектөөнүн стандарты менен бекитилген ченем (норма)  боюнча мыйзам чегинде  иш алып баруу жагы Нарын суу-канал ишканасына жүктөлсүн жана ишкананын түздөн түз жоопкерчилиги деп белгиленсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Эсеналиев

 

 

 ________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына , Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

 

Суу керектөөнүн стандарты 25

 

 

 

Добавить комментарий