НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6 ТОКТОМУ
27-февраль 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын аймагындагы турак жай имараттарына
мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КРнын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379, 380-беренелерин жетекчиликке алып, мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын аймагындагы турак жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасы 1(бир) чарчы метрине 2025-жылдын 1-январынан тартып 17 (он жети) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
_______________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.