НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН
№ 7 ТОКТОМУ
27— февраль 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы борбордук мончонун тарифин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы борбордук мончонун тарифи 16 жашка чейинки окуучуларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 150 сомго, чоңдорго жана пенсионерлерге 200 сомго бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.