НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН
№4 ТОКТОМУ
27-февраль 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын Дизайн-кодун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, транспорт боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарын көрккө келтирүү, оңдоп-түздөө жана эстетикалык жактан көрүнүшүн жакшыртуу максатында Нарын шаарынын Дизайн-коду тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына, ал эми, бекитилген Дизайн-код боюнча иш алып баруу жагы Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
_________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына , Нарын облустук юстиция башкармалыгын
Типтүү Жобо Нарын (дизайн код) ПДФ