НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXIV  СЕССИЯСЫНЫН

№ 1  ТОКТОМУ

24-август   2015-жыл                                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын  шаарында социалдык  обьектилердин курулушун    курууга шаардык мэрия тарабынан сунушталган  жер тилкелерине макулдук берүү жөнүндө

 

 

Нарын шаарынын  мэри Р.Адиев Нарын шаарынын инфроструктурасын жакшыртууга байланыштуу  шаарга курулуучу социалдык обьектилерге жер тилкесин бөлүүгө макулдук берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүүгө 2015-жылдын 10-августунда №03\1324 сунуш каты менен кайрылган. Анда “Московский” аймагынан 6400 чарчы метр жер тилкесине 40 квартиралуу көп кабаттуу 4 социалдык  турак жайдын жаңы курулушун, Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндөгү азыркы УКС мекемеси жайгашкан имаратын бузуп, ордуна Ж.Шералиев атындагы исскуство мектебинин жаңы курулушун жана РТС аймагындагы Жаңы-Жерден Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин жаңы курулушун курууга жер аянттарын болүп берүү маселеси сунушталган.

Нарын шаарынын инфроструктурасын жакшыртууга байланыштуу  шаарга курулуучу социалдык  турак жайга обьектилерге жер тилкесин бөлүүгө макулдук берүү боюнча Нарын шаарынын  мэри  Р.Адиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын “Московский” аймагындагы 6400 чарчы метр жер тилкесине 40 квартиралуу көп кабаттуу 4 социалдык турак жайдын курулушун, Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндөгү азыркы УКС мекемеси жайгашкан имаратын бузуп, ордуна Ж.Шералиев атындагы исскуство мектебинин жаңы курулушун  жана РТС аймагындагы Жаңы-Жерден Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин жаңы курулушун курууга  жер аянттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нарын шаарынын мэри Р.Адиевге милдеттендирилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин аппараттына (А.Абдыкеримов) тапшырылсын.

 

 

  Т=рага                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга,  шаардык мэрияга

Добавить комментарий