НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

     НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                  

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXII  СЕССИЯСЫНЫН

      №  5  ТОКТОМУ

14-июнь  2016-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

Нарын шаарынын архитектуралык башкы планы бүткөнгө чейин Нарын шаарындагы  муниципалдык менчикте турган обьектилерди жана жер тилкелерин сатууну жана жер аянттарынын  зоналарын  өзгөртүүнү токтотуп туруу жөнүндө

 

              Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык мэриясы, шаардык муниципалдык менчик департаменти жана шаардык Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын  депутаты А.Молдосалиев Нарын шаарынын архитектуралык башкы планы түзүлүп бүткөнгө чейин Нарын шаарындагы муниципалдык жер аянттарын жана обьектилерди сатууну убактылуу токтотуп туруу боюнча атайын сунуш кат менен кайрылышкан. Мындан сырткары шаардык мэрия шаардагы мурун сатылып кеткен ишканалардын азыркы убакта жеке менчик болгон жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүү боюнча сунуш каттарын, арыздарын  кароону да шаардын башкы планы бүткөнгө чейин убактылуу токтотуп туруу боюнча сунуш беришкен. Сунуштар шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна тиешелүү мекемелердин жоопту кызматкерлери жана шаардын 1-вице мэри А.Сурановдун катышуусунда коюулуп, туруктуу комиссиянын депутаттары бул маселелерди сессияга жалпы депутаттардын талкуусуна коюу боюнча отурумдун протоколун кабыл алышкан.

Кыргыз Респуликасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине жана Нарын шаардык мэриясынын, шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунуш каттарынын жана сессияга катышкан депутаттардын талкуусунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын архитектуралык башкы планы түзүлүп бүткөнгө чейин Нарын шаарындагы муниципалдык жер аянттарын жана обьектилерди сатууну Кыргыз Респуликасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине  ылайык убактылуу 3 жылга  токтотуп турууга  макулдук берилсин.
  2. Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Нарын шаарынын архитектуралык башкы планы түзүлүп бүткөнгө чейин шаардагы мурун сатылып кеткен ишканалардын азыркы убакта жеке менчик болгон жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүү боюнча сунуш каттарын, арыздарын кароону да шаардын башкы планы бүткөнгө чейин убактылуу 3 жылга  токтотуп турууга макулдук берилсин.
  3. Нарын шаарынын архитектуралык башкы планын 3 жылдык мөөнөттө бүтүрүү Нарын шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  Т=рага                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга,  шаардык мэрияга, муниципалдык менчик департаментине

Добавить комментарий