НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6 ТОКТОМУ
14-июнь 2016-жыл Нарын шаары
Нарын суу канал ишканасында иш убагында күтүүсүз техникалык кырсыктан каза болгон жумушчулардын үй-бүлөөлөрүнө турак жай курууга кезексиз жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
2016-жылдын 9-июунунда Нарын сууканал ишканасынын үч жумушчусу Өмүрзаков Алмаз Базаркулович, Дүйшөналиев Нурлан Дербишович, Абдылдаев Талант Абдыкасыевичтер иш убагында күтүүсүз техникалык кырсыктын кесепетинен каза болушкан. Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык мэриясы жана шаардык суу канал ишканасы тарабынан жогорудагы иш убагында каза болгон суу канал ишканасынын жумушчулары буга чейин менчик турак үйү жок, батирлерде жашап келишкендигин билдирүү менен маркумдардын үй бүлөөлөрүнүн кайрылууларынын жана суу канал ишканасынын өндүрүштүк жалпы чогулушунун токтомунун негизинде аларга кезексиз жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча сунуш каттары менен кайрылышкан.
Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун сунушу менен сессиянын күн тартибине кошумча киргизилип жаткан маселе боюнча Нарын шаарынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2016-жылдын 9-июунунда иш убагында, күтүүсүз техникалык кырсыктын кесепетинен каза болгон суу канал ишканасынын жумушчулары Өмүрзаков Алмаз Базаркуловичтин, Дүйшөналиев Нурлан Дербишовичтин жана Абдылдаев Талант Абдыкасыевичтердин буга чейин менчик турак үйү жок, батирлерде жашап келишкендигин эске алуу менен маркумдардын үй бүлөөлөрүнүн кайрылууларынын жана суу канал ишканасынын өндүрүштүк жалпы чогулушунун токтомунун, шаардык мэриянын сунуш каттарынын негизинде турак жай курууга кезексиз жер тилкесин чечип берүүгө макулдук берилсин.
- 2016-жылдын 9-июунунда иш убагында, күтүүсүз кырсыктын кесепетинен каза болгон суу канал ишканасынын жумушчулары Өмүрзаков Алмаз Базаркуловичтин, Дүйшөналиев Нурлан Дербишовичтин , Абдылдаев Талант Абдыкасыевичтин үй-бүлөлөрунө кезексиз турак үй курууга жер аянтын чечип берүү маселесин Нарын шаардык мэриясынын алдындагы жер комиссиясынын отурумуна киргизүү Нарын шаардык мэриясына, шаардык муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т=рага Э.Турсуналиев
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, муниципалдык менчик департаментине, шаардык суу канал ишканасына