НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/14 ТОКТОМУ
22-октябрь 2014-жыл Нарын шаары
Чымылдаков Кубанычбек Назарбековичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Чымылдаков Кубанычбек Назарбекович 1978-жылы 20-ноябрында Нарын шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 1985-1995-жылдары Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебин бүтүргөн.1995-1996-жылдары «Ат-Башы-авто» акционердик коомунда оператор болуп иштеген.1996-жылдары Бишкек гуманитардык университетке тапшырып, аны 2001-жылы «мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистигине ээ болгон. 2001-2002-жылдары Нрын облустук жер жана агрардык реформа борборунда жетектөөчү адис, 2002-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын регионалдык бөлүмүндө жетектөөчү, башкы адис.2004-2006-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башкы адиси, системалык администратор.2006-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү, башкы адис.2008-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрацияда кадрлар секторунун башчысы.2008-2010-жылдары Нарын райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси.2010-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчы.2010-жылдын март айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси кызмат ордунда эмгектенүүдө.
Чымылдаков Кубанычбек Назарбекович мамлекеттик кызматынын 3 класстагы кеңешчиси, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамоталары» менен сыйланган.
Чымылдаков Кубанычбек Назарбековичтин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Чымылдаков Кубанычбек Назарбековичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттарлын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
2.Жобого ылайык Чымылдаков Кубанычбек Назарбековичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, К.Чымылдаковго, Нарын шаардык мэриясына