НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6/17 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/17 ТОКТОМУ

22-октябрь  2014-жыл                                                                                                                          Нарын шаары

 

Шаршеев Бакыт Октябровичке  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

 

Шаршеев Бакыт Октябрович 1970-жылы Нарын облусунда туулган.1977-жылы мектепке кирип, 1985-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Фрунзе политехникалык техникумуна тапшырып, 1989-жылы «гидротехник» квалификациясы ыйгарылган. 2005-жылы Нарын мамлекеттик университетинин бухгалтердик учет жана аудит факультетинде окуган.

1986-жылы Тянь-Шань МПМК-1 плотник, 1988-жылдан 1996-жылга чейин Тянь-Шань «Райсельремстрой» өндүрүштүк чарбалар аралык башкармалыгында плотник,бригадир, мастер болуп эмгектенген. 1997-2001-жылдары Нарын эркин экономикалык зонасында коопсуздук кызматынын инспектору болгон. 2001-2002-жылдары «Салкын Төр» эс алуу жайында директор болуп эмгектенген.

2001-2007-жылга чейин ГП-«Темир»-Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүндө директор.

2007-жылдан 2010-жылга чейин «Winline» TM Sapatcom» компаниясында башкы директор. 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата Журт» фракциясынан депутат.

            Депутат катары Нарын шаарынын өсүп өнүгүшөнө кошкон салымдары үчүн «Ата Мекен» фракциясынын сунушуна ылайык, туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Нарын шаарынын өсүп өнүгүшүнө кошкон  салымдары жан жетишкендиктери үчүн  Шаршеев Бакыт Октябровичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттарлын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан,  Нарын шаарынын    «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.

2.Жобого ылайык Шаршеев Бакыт Октябровичке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                   Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Б.Шаршеевге

Обсуждение закрыто.